Тиричилик

Википедия дан
Космостогу жашоо
Деңиз түбүндөгү жашоо

Тиричиликматериянын жашоо формаларынын бири. Ал материянын өнүгүү процессинин белгилүү бир шартында закон ченемдүү пайда болгон. Жер жүзүндө көмүртектүү кошулмалардын эволюциялык өөрчүшүнүн негизин

Жөндөмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиричилик зат алмашууга, кобөйүүгө, өсүп, өөрчүүгө, составын жана функциясын жөнгө салууга, түрдүү кыймылга, дүүлүгүүгө, чөйрөгө ыңгайланууга жана башкалар жөндөмдүү. Тирүү жаратылыштын өзгөчө касиети — айлана-чөйрө менен өз ара аракеттенүүсү. Анын натыйжасында организмдин жеке жана тарыхый өөрчүү процесси жүрөт. Тиричиликтин негизин өз ара байланышта жана тең салмакта болгон ассимиляция менен диссимиляция түзөт.

Ассимиляция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ассимиляция организмдердин тышкы чөйрөдөн өздөрүнө керектүү ар кандай органикалык жана органикалык эмес заттарды алуу менен жашоосун, өсүп-өнүгүшүн камсыз кылат.

Диссимиляция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диссимиляцияда татаал органикалык бирикмелер жөнөкөй заттарга айланат. Диссимиляция процесстеринин (дем алуу, ачуу, гликолиз жана башкалар) натыйжасында татаал органикалык бирикмелердин молекулаларындагы энергия чыгат. Бардык организмдерде диссимиляңиянын акыркы продуктулары — суу, көмүр кычкыл газы жана аммиак. Жаныбарларда бул продуктулар чогулган сайын сыртка чыгат. Өсүмдүктөрдө алар ассимиляцияга керектелет. Ассимиляция жана диссимиляция өз ара тыгыз байланышта болуп, организмдин ткандарынын үзгүлтүксүз жаңырып туруусун камсыз кылат. Организм ачык система, башкача айтканда ал айлана-чөйрө менен дайыма зат, энергия жана информация алмашып турат (к. Зат жана энергия алмашуу). Тиричилик аракетинде зат алмашуунун натыйжасында чыккан заттардын жана энергиянын бөлүгү организмдин структурасынын үзгүлтүксүз жаңыланып турушуна сарп кылынат. Өзүн өзү жаңыртуунун натыйжасында бүлгүнгө учураган структуралар кайра түзүлөт, ал тирүү объектилерде түрдүн эволюциялык өөрчүшүндө пайда болгон белгилүү информация менен байланыштуу. Кайра жаралууга зарыл болгон тукум куума касиеттерди сактоочу информация ДНКда жайгашкан.

Касиети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тирүү организмдердин негизги касиети — убакыт жана мейкиндикте иреттүүлүгү. Мейкиндиктеги иреттүүлүк — ар бир тирүү организмге мүнөздүү структурасынын болушу, башкача айтканда дене бөлүктөрүнүн закон ченемдүү жайгашуусу, жөнөкөй элементтердин татаалдарына баш ийүүсү, окшош бөлүктөрүнүн комплекстерге биригиши жана башкалар Убакытта иреттүүлүгү тиричилик процессинде жүрүүчү айрым реакциялардын ырааттуулугу, кээ бир процесстердин башкаларына көз карандылыгы ферменттердин таасири менен өтө ылдам жүрүүчү биохимиялык процесстерге байланыштуу. Организмдин нормалдуу тиричилиги анын структураларынын мейкиндиктеги иреттүүлүгү бузулбаганда гана өтөт.

Дүүлүккүчтүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мунун негизги касиети-сырткы чөйрөдөн келген бардык маалыматтарга организмдин тиешелүү жооп кайтаруусу. Мындай сезгичтиктин болушунун натыйжасында организм чөйрө шарттары менен тыгыз байланышта болот. Тиричиликте дүүлүккүчтүк касиетинин болушу зат алмашууга, кубатка жана маалыматка байланыштуу. Организмге керектүү маалымат алуу, өзүн өзү жөнгө салып туруусу жана алынган маалыматка, тиешелүү жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк түзөт башкача айтканда чөйрө-организм-чөйрө деген мааниде байланыштар жүрөт. Организм өзүн өзүү жөнгө салууда алардын ички чөйрөсүнүн белгилүү бир туруктуулукта болушу гомеостаз деп аталат. Бардык организмдердин жашаган чөйрөсүндө организмге керектүү хим. заттардын жана чөйрөнүн физ. жана хим. касиеттери туруктуу абалда болот.

Ар түрдүү организмде ички чөйрөнүн туруктуулугун жөнгө салып туруучу механизмдер болот. Биол. системаларда, ар түрдүү түзүлүштөрүнө тиешелүү адаптация же көнүгүү болот. Организмдин ар түрдүү шартта жашоого ыңгайланышуусу, өзгөрүүсү, өнүгүүсү эволюциялык өрчүү деп аталат.

Репродукция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Репродукция, (көбөйүү). Тиричилик алгачкы учурда белгилүү бир убакта жана шартта жаралган, тиричилик бөлүнүп, өзгөрүп туруучу системалардан (молекула, клетка, мүчө, организм) турат. Тиричилик чексиз жашабайт ал белгилүү убакыт менен чектелген, бирок тирилчилик жашына карата ар түрдүү деңгээлде болуп репродукциясына байланыштуу.

Кандай гана түр болбосун популяциялардан турат. Ал эми жеке организмдер жыйындысынан популяция куралат, ар бир организмдин эртеби кечпи жашоолору токтолот, бирок көбөйүнүн натыйжасында тирилчилик кыймылы токтолбой улана берет.

Тукум куугучтук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиричиликте тукум куугучтук укумдан тукумга басымдуулук кылган маалыматтардын берилиши. Тукум куугучтук көбөйүү менен тыгыз байланыштуу, көбөйүүдө тукум куугучтуктун касиети молекулалык деңгээлде сакталып, нуклеин кислоталары аркылуу укумдан тукумга берилет. Жашаган айлана-чөйрөсүнө ыңгайланышкан организмдер тукум куугучтук касиеттерин уланта беришет.

Өзгөргүчтүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тирилчилик өзгөргүчтүк касиети тукум куучулукка карама-каршы турат, себеби өзгөргүчтүк организмдин типтүү белгисинин өзгөрүүсү. Эгерде көбөйүүдө организмдердин бардык белгилери укумунан тукумуна өзгөрбөй берилгенде, анда орг. дүйнөнүн эволюциясынын жүрүшү мүмкүн эмес эле. Бардык организмге дайыма өрчүп, өзгөрүп туруу мүнөздүү. Өзгөрүүнүн натыйжасында көрүнүшү өзгөрүп, жаңы касиеттүү түр пайда болот. Тукум куугучтуктун өзгөрүшү, жаңы түрдүн пайда болуусу тирилчилик эволюциялык жол менен өсүп өрчүүсүнө алып келет.

Жеке өрчүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке өрчүүдө организм тукум куучугучтуктун маалыматтарына ээ болот. Бирок берилген маалыматка жараша организмде кандайдыр бир таасирлердин натыйжасында жаңы белгилер пайда болот. Тукум куугучтук аркылуу берилген маалымат организмдин жеке өрчүүсүндө ишке ашат.

Филогенездик өөрчүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ч. Дарвин жаратылыштын өрчүүсүндөгү закон ченемдүүлүктү аныктаган. Ал тирилчилик көбөйүшүнө, тукум куугучутуктун өзгөрүшүнө, жашоо үчүн күрөшкө жана табигый тандалууго негизделген. Ар түрдүү экологиялык шарттардын таасинде, өзгөрүп өчүүнүн натыйжасында тирилчилик көп түрдүүлүгү жаралат. Тиричилик эволюциясынын жогорулап, татаалданып өсүшү бир нече баскычтарды: клеткасыз организмдерден тартып, бир клеткалууларга, анан дайыма татаалданучу көп клеткалуу организмдерге чейин басып өтөт.

Эволюциялык баскычтын натыйжасында адам келип чыккан. Адам тирилчилик өзгөчө түрү, Ф. Энгельстин айтуусуна караганда, "Жаратылыш өзүн өзү бамдоого жетишкен". Адам менен кошо, тирилчилик жашоодогу жаңы түрү- биосоциалдык материя пайда болгон. Социалдык материя биол. материяга караганда эң жогорку деңгээлдеги түшүнүк. Адамдын социалдык материясы бир түрдөн, бир популяциядан жана жүздөгөн микропопуляциялардан пайда болгон.

Клетка[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клетка- тирүү организмдин түзүлүшүнүн эң жөнөкөй бирдиги. "Клетка" деген терминди илимге биринчи болуп 1665-жылы англия окумуштуусу Роберт Гук киргизген. Клетканын бөлүктөрү дайыма жаңырып турат, бүлгүнгө учураган молекулалардын ордуна жаңылары синтезделет. Ошентип кээ бир белок молекулалары бир нече ирет өзүн өзү кайра түзүүгө жөндөмдүү, бирок ал убакытта өзүнүн структуралык иретин туруктуу сактап турат. Тирүү организм иреттүү түзүлүшүн бүт жашоосунда сактап, сырткы факторлордун таасирине туруштук берүүгө жөндөмдүү. Организмдин бул касиети гомеостаз (ички чөйрөнүн салыштырмалуу туруктуулугу) деп аталат.

Тирүү формалар касиеттери менен белгилерин укумдан-тукумга берүүгө, көбөйүүгө, башкача айтканда организмдин жалпы структурасы, кызматы, зат алмашуусу боюнча өзүнө окшошторду жаратууга жөндөмдүү (Көбөйүү, Тукум куугучтук, Өзгөргүчтүк).

Көбөйүү процесси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көбөйүү процесси менен жаңы организмдин тиричилиги башталып, ал картаюу жана өлүм менен аяктайт. Мындай айрым особдордун тиричилик мезгили чектелгени менен ал өзүнөн кийин жаңы муун калтыргандыктан биологиялык түрдүн тиричилиги улана берет.

Организмдердин жеке өөрчүшү (онтогенези) менен тарыхый өөрчүшү (филогенез) ажырагыс бирдикте болуп, айлана-чөйрө менен дайыма өз ара аракетте өтөт. Кээ бир организмдер жашоо шартына ыңгайланат, айрымдары (ыңгайланбагандар) өлөт же көбөйүүгө жана тукумун сактоого жөндөмсүз болуп калат. Бул закон ченем Жер жүзүндөгү бардык тирүү жандыктарга мүнөздүү (Эволюциялык окуу).

Тиричилик негизги жашоо түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык тирүү организмдер эки топко бөлүнөт: клеткасыздарга жана клеткалууларга.

Клеткасыздар тобу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клеткасыздар тобуна вирустар (лат. "virus"-уу) кирет ал качан гана башка организм клеткасынын ичинде мите катарында жашаганда гана кыймылдуу болот. Вирустарды тирүү организм катары орус ботаниги Д.И.Иванов 1892-ж. ачкан. Көпчүлүк вирустар эң майда болгондуктан, аларды жалаң гана электрондук микроскоп аркылуу көрүүгө болот, мисалы, шарп оруусун козгоочу вирустун көлөмү абдан кичине болуп жумуртка белогунун молекуласынан бир аз гана чоңураак. Бирок, кээ бир вирустарды, мисалы, чечек вирусу жөнөкөй жарык микроскобу аркылуу көрүүгө болот.

Вириондор

Эң майда вирустар-вириондор, вироспоралар сыртынан белок кабыгы менен капталган жана алардын денесинде нуклеин кислоталары бар. Вирус ДНКсынын эки түрү жолугат: вирустардын бир түрүндө ДНК жаралган (дезоксирибонуклеазадан) алар ферменттердин нуклеаз түрүнө кирет, вирустардын экинчи түрлөрү ДНКдан (дезоксирибонуклеин кислоталарынан) жаралышкан.

Окумуштуу вирусологдор вирустардын жүздөгөн түрлөрүн ачылсан, алар өсүмдүк, жаныбар жана адамды ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Вирус козгоочу ооруларга: кутурма, чечек, тайга энцефалити, сасык тумоо, эпидемиялык паратит (кара келте) сарык, кызамык жана башкалар кирет.

Вирусун кээ бир түрү бактериялар денесине кирип, мителик кылып жашоого ыңгайланган. Өсүмдүк, жаныбар денесинде мителик кылуучу фагдар вирустарга караганда түзүлүштөрү жагынан татаал. Фагдар бактерияларын ичинде кирип көбөйгөндө, лизис (лизис, эритүү, бөлүнүү ажыроо) касиетине ээ болуп бактерия клеткаларын эритишет. Булардын мындай өзгөчө касиеттери кээ бир ооруларды (холера, келте оруусун) алдын алуу үчүн эмдөөдө пайдаланылат. Фагдардын дагы бир өзгөчөлүктөрү, алар клеткалардын ичине киргенде клетканы эритишпей алардын ДНКсына жармашып алышып, бактериялардын тукум куугуч түзүлүшүн өзгөртүп, укумунан тукумуна берилет.

Клеткалуулар тобу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клетка тиричиликке гана тиешелүү алгачкы бирдик, организмдин денеси жана аны кыймылга келтирүүчү мүчөлөрү клеткадан түзүлгөн.

Организмде клеткалар өзүнө гана тиешелүү кызмат аткаруучу жөнөкөй биол. бирдик. Организмдердин ар түрдүүлүгүн бир түрдүн популяцияларынан көрүүгө болот, тирилчилик мындай көп түрдүүлүгү алардын үзгүлтүктүүлүк (дискреттик) биримдигине жана алардын ар түрдүү экологиялык шартта жашоосуна байланыштуу. Организмде бир түрдүү клеткалардын жыйындысы ткань деп аталат. Ткандын деңгээлиндеги түзүлүш көп клеткалуу өсүмдүккө, жаныбарга таандык. Биринчи жолу 1665-ж. англия окумуштусу Р.Гук, жөнөкөй микроскоп аркылуу өсүмдүктүн клеткалык түзүлүшүн көрүп, ага "клетка" деп атоону сунуш кылган.

Ичеги таякчасы-прокариоттор өкүлү
Инфузория-эукариоттор өкүлү

1831-ж. ангилия ботаниги Р.Браун өсүмдүк клеткаларында ядронун бар экендигин көргөн. 1838-ж. өсүмдүк клеткасындагы ядронун мааниси жөнүндө немец ботаниги М.Шлейден жана зоологу Т.Шванн кеңири түшүнүк беришкен. Жалпы тиричилик эки жогорку дүйнөгө бөлүнөт: прокариоттор жана эукариоттор. Прокариотторго бактериялар, цианабактериялар кирет, алардан башка бардык организмдер бардыгы эукариотторго кирет. Бул эки башка дүйнөгө кирген организмдердин жалпы тиричиликке тиешелүү касиеттери бар: алардын зат алмашуусу, тукум куугуч малыматтарды берүүсү, кубат менен камсыз кылуусу жана белгилери жалпы жонунан окшош. Ушундай болсо да прокариоттор жана эукариотторду бири-биринен айырмалап туруучу айрыкча өзгөчөлүгү бар. Биринчиден, прокариоттордун эукариоттордон негизги айырмасы клеткаларында тукум куугучтуктун маалыматын нуклеоид алып жүрөт. Алардын ДНК молекуласы тегерек жипче сымал көрүнөт, бул жипче түзүлүшү жагынан жөнөкөй хромосом аларга окшошпогон нерсе, ал гоноформ деп аталат.

Микоплазма

Бир клеткалуу организмдердин ичинен эң жөнөкөй түзүлүштөгүсү микоплазма. Микоплазмалар бактериялар сыяктуу эле мителер же сапрофиттер.

Микоплазмалардын клеткалары болжол менен 1200гө жакын молекулалардан түзүлгөн, бирок буларда бардык клеткалууларга тийиштүү макромалекулалары (белок, ДНК жана РНК) бар, микроплазмалардын клеткаларында 300гө жакын ар түрдүү ферменттер жолугат.

Жаратылышта зат айланууда прокариотторго кирүүчү көк жашыл балырлардын мааниси өтө чоң. Көк жашыл балырлар орг. заттарды синтездешет, ал эми бактерияларга кирүүчү сапрофиттер болсо чириндилерди, орг. заттарды орг. эмес заттарга ажыратышат. Көптөгөн бактериялар адамда жана жаныбарда оору козгогучтар болуп эсептелет.

Тиричилик деңгээлдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тирилчилик материя катарындагы түзүлүшүнүн деңгээлдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кандай гана тирүү жандык болбосун бири-бирине көз каранды, так ушундай түрдө организм жаралган бири-бирине баш ийген туруктуу мүчөлөрдүн бир бүтүндүүлүгү организм (лат. organiro-куруу, кошумча, иреттүү түрдө) деп аталат. Организмдер жеке жашашпайт, алар бири-бирине жакын жашаган жаныбар топторун түзөт.

Бардык тиричилик деэгээлинде бир бүтүндүүлүк, үзгүлтүктүүлүк байкалат. Бирок жаралууда, зат алмашууда, кубаттын жана маалыматтардын берилишинде тирилчилик биримдүүлүгү сезилет. Тирилчилик касиеттери ар бир деңгээлде сапаттуу өзгөчөлүктөрү, иретке салынуулары менен айырмаланат. Чөйрөдө зат алмашуунун, кубаттын жана маалыматтардын негизинде тирилчилик биримдүүлүгү жаралат. Бирок, чөйрө дегенде жалаң гана сырткы айлана — чөйрөнү жөнүндө түшүнгөн болбойт, себеби, ар бир организмдин ички чөйрөсү болот. Ал жалпы молекулалардын жогорку (субклеткалык) деңгээлдеги жыйындысы катары жүрөт. Айлана — чөйрөнүн өзгөрүүлөрү клеткалардын, ткандардын жана органдардын ички чөйрөсүнүн үзгүлтүктүү өзгөрүүсүнө алып келет.

Тирилчилик жашоолору бардык деңгээлдеги түзүлүштөрдүн негизинде өтөт. Организм клеткаларынын түзүлүшү молекулалык, субклеткалык деңгээлдеги түзүлүштөргө байланыштуу. Тиричилик өзүнүн жаратылышында ар түрдүү деңгээлдеги түзүлүш баскычтарын басып өтөт.

Тиричилик молекулалык деңгээлде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кандай гана организм болбосун жашоо үчүн ар түрдүү кыймыл аракеттерди жасайт. Тирүү жандык чөйрөдөн керек зат алат, алынган азык заттардан клетка түзүүчү молекулалар синтезделет жана бардык кабыл алынган заттардан клеткада орг. микроэнергетикалык кубат пайда болуп, организмдер кыймылга келет. Негизги макроэнергетикалык кошулмаларга: аденозинтрифосфат кислотасы (АТФ), аденозиндифосфат кислотасы (АДФ) жана пирофосфат кислотасы (H4P2O7).

АТФ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АТФ - бардык жаныбардын жана өсүмдүкдүн клеткаларынын цитоплазмасындагы митохондрияларда жана ядролордо эрип, кубатты пайда кылат. Ошондуктан бул зат тирүү организмдин клетка аралыгында хим. кубатты ташуучу болуп эсептелет. Клетканын ички дем алуусунда жана фотосинтездин жүрүүсүндө кычкылдануунун натыйжасында

АДФ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АДФ жана орг. эмес фосфаттан (Фн) АТФ тынымсыз кайталанып жаралып турат. Макроэнергетикалык кошулмалардан пайда болгон кубат биополимерлерди (нуклеин кислоталарын, белокторду, полисахариддерди) синтездейт. Клетканын ичинде гидролиздик абалда АТФ (АТФ+Н2О <--> АДФ+Фн) өзгөрүп жылуулукту, нурду, элетрдик, механикалык кыймылды башкача айтканда, тирүү организмдердин денесин жылытат, жарыкты электрдик кубатты бөлүп чыгарат, жана денени механикалык кыймылга келтирет. Хим. кошулмалардан белокту, нуклеин кислотасын, углеводдор, май жана башка синтезделет. Тирилчилик жашоосунда АТФ клетка деңгээлиндеги кубаттын жалгыз булагы.

Молекулалык биологиянын деңгээлинде таңгаларлык бир түрдүү үзгүлтүктүү бирдиктин өнүгүшү байкалат. Бардык тиричиликте өнүгүп турган чөйрөдө нуклеин кислоталарынын составына кирүүчү 20 амин кислоталарынын 4 бир түрдүү азоттун негиздери жолугат. Буларга углевод м-н майдын составдары жакын.

Бардык тирүү организмдерде биол. кубат аденозинфосфор кислотасы түрүндө (АТФ, АДФ, АМФ) беленделет. Бардык организмде тукум куугучтук маалыматтары (вирустардын ДНК башкасы) ДНК молекулалары түрүндө топтолот, алар өзүн өзү жөнгө салып көбөйүүгө жөндөмдүү болот. Тукум куугучтуктун маалыматтарын ишке ашырууда ДНК молекулаларынын катышуулары, алардын матриксинде синтезделишинин жашоодо мааниси чоң.

Окшоштуктан организмдерди молекуланын деңгээлинде изилдөөнүн мааниси өтө чоң. Өзгөчө айыл чарба өсүмдүктүн жана жаныбардын тукум куугучтуктугун, алардын өзгөрүүлөрүн жана жаңы сортторду, асыл тукуму малдын пародаларын, ошондой эле микробиол. керектүү, демилгелүү полипептиддерди, белокторду, аминокислоталарды жана башка чыгарууда молекулалык биологиянын мааниси чоң, ошондой эле молекулалык биол-нын медицинада, адамды ар түрдүү оорудан сактоодо тукум куугучу оорунун берилүү механизмин молекулалык деңгээлде билүүдө бул илимдин салымы жана мааниси эбегейсиз чоң.

Тирилчилик бир бүтүндүүлүгү жана үзгүлтүктүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиричилик диалектикалык көз караш менен караганда биримдүүлүгү жана карама-каршылыгы менен мүнөздөлөт, башкача айтканда тиричилик бир жагынан бүтүн нерсе, экинчи жагынан үзгүлтүктүү. Деги, орг. дүйнө жаратылышында бир бүтүн нерсе, себеби, организм популяцияларынын жашоосу, алардын жашаган айлана чөйрөсүнө байланыштуу.

Жалпы тирилчилик жашоосунда иреттүү байланыштары бар. Аларды төмөндөгүдөй түшүнүүгө болот, мисалы: жырткыч айбандардын жашоосву үчүн чөп менен азыктануучулардын, ал эми чөп менен азыктануучулар үчүн өсүмдүктүн, ал эми өсүмдүк үчүн СО2 жана күн нурунун болушунун натыйжасында фотосинтез жүрүп орг. заттар түзүлүшүп, ошол эле учурда О2 бөлүп чыгарышат, ал эми абанын болушу өсүмдүкдүн жана жаныбардын жашоо тиричиликтерине байланыштуу. Мындан башка дагы организмдер жер кыртышынан минералдык заттарды алынат, бул заттар бардан азайып же жок болуп кетпейт, себеби орг. заттар чирип бактериялар аркылуу ажыратылып, кайра орг. эмес минералдык заттарга айланат. Ошондуктан орг. дүйнө өзүнүн жаратылышында бир бүтүн нерсе, анткени жаратылыштын биримдүүлүгү, бүтүндүн бир бөлүкчөлөрү болгон жеке организмдерден же алардын тобунан жаралган. Ар бир тирүү организм үзгүлтүктүү, анткени, ар бир организм мүчөлөрдөн жаралган, алар клеткалардан, бирок, ар бир мүчө өзүнчө бир бүтүн катарында кызмат аткарат, же болбосо ар бир клеткадан жаралган организм кызматын бирдиктүү аткарат. Мисалга алсак, тукум куугучтуктун маалыматтары гендер аркылуу ишке ашырылат, бирок бир дагы ген, гендер жыйындысыз белгилерди жеке жарата алышпайт. Тирилчилик жашоосу белоктордун молекулаларына жана нуклеин кислоталарына байланыштуу. Алардын биримдиги организмдин бир бүтүндүүлүгүн түзөт.

Тирилчилик түзүлүш деңгээлдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биз жашаган планетада жеке организмдердин же алардын популяцияларынын жашоосу үзгүлтүктүү (дискреттүү). Ар бир организм бир жагынан алганда бүтүн, экинчи жагынан алганда бөлүктөрдөн турат, бирок белгилүү бир деңгээлдеги түзүлүшкө баш ийет, ошол эле учурда организм өзүнөн жогорку түзүлүштөгү биол. макросистемалардан (популяция, биоценоз, экосистема, биосфера) түзүлөт.

Тиричилик популяциянын деңгээлинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир түргө кирүүчү, өзүнө жагымдуу жерди ээлеп, бири-бири менен аргындашууга жөндөмдүү жеке организмдер жыйындысы популяция деп аталат. Популяция-эволюциялык өрчүүнүн жөнөкөй бирдиги.

Тиричилик биоценоз деңгээлинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биоценоз тарыхый туруктуу микроорганизмдер, өсүмдүктөр жана жаныбардан куралат. Биоценоздогу организмдер өзүнүн чөйрөсүндө бири бири менен тыгыз байланышта болуп, зат, кубат жана маалымат менен алмашып турат. Биоценоздордун жалпы жыйындысынан экосостема же биогеоценоз түзүлгөн, ал эми жалпы тирилчилик жашоо чөйрөсү-биосфера.

Тиричилик эволюция деңгээлинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эволюция тирилчилик өнүгүшүндөгү кыймыл, организм өсүп, өзгөрүп турат. Эволюциялык өнүгүү микро жана макроэволюцияга экиге бөлүнөт. Азыркы кездеги эволюция жөнүндөгү кээ бир маалыматтарга караганда микро жана макроэволюция деген түшүнүк карама-каршы коюлган.

Микроэволюция бул түр ичиндеги популяциялардын деңгээлиндеги өзгөрүүлөрү, ал эми макроэволюция түр жана андан жогорку деңгээлдеги таксондорду (tahis — "иретке салуу", nomos — "закон") өзүнүн кучагына алат. Түрдүн пайда болушундагы кыймыл микро, жана макроэволюцияны байланыштырат. Ал эми тирилчилик тарыхый өрчүүсү филогенез деп аталат.

Бирок, микро, жана макроэволюциянын өз алдынча экендиги жөнүндө так айтуу кыйын, ошондуктан алардын өз алдынча экендиги жөнүндө шарттуу түрдө айтууга болот. Бирок, кээ бир синтетикалык теориянын негиз салуучулары микро, жана макроэволюциянын эки башка закон экендиги жөнүндө айтышат. Алардын ою боюнча түр ичиндеги өзгөрүүлөрдү жана микроэволюциялык өнүгүүнү жөнгө салып турууга болот.

Неодарвинизмдин көрүнүктүү жактоочусу Ф. Добржанский макроэволюцияга караганда микроэволюция өзгөрүп, кайра калыбына келип турат деп лабораторияда иштери менен далилдеген. Ф. Добржанскийден кийинки кээ бир окумуштуулардын айтууларына караганда, популяциялардын өзгөрүүлөрү лабораториянын шартында гана эмес, жаратылышта дагы өзгөрүү кубулуштары болот дешкен. Жогоруда айтылган тажрыйбаларга байланыштуу Фергусон (1963) мындай деген жыйынтыкка келген, эгер негизги таасир этүүчү шарт белгилүү болсо (ылгап алынган уу же антибиотик), анда популяцияны кайтадан өзгөрүү мүнөзүн алдын ала айтууга болот деген пикирди колдонгон. Өзгөрүү учурундагы табыгый тандалуудо, өзгөрүүнүн багыты өзгөрөт. Бирок популяциянын ууга чыдамдуулугу бир нече убакыт өтүп бир нече муундары алмашкандан кийин алардын ууга чыдамдуулугу жоголуп кайра калыбына келет дешкен.

Бирок, Добржанскийдин, Фергусондун айткан афоризми (санат сөздөрү) туура эмес. Көптөгөн тажрыйбалар, байкоолор аркылуу аныкталган жаратылышта популяциянын генотибинин жөнөкөй түрүндө өзгөрүү механизмдери ар башка болот. Ошондуктан популяциянын өзгөрүүсүн алдын ала айтуу жана алардын өзүлөрүнүн кайра калыбына келүүлөрү мүмкүн эмес. Бардык эле убактылуу өзгөрүүлөрдү микроэволюцияга теңөөгө болбойт, анткени, жаныбардын кандай гана популяциясы болбосун, алардын түзүлүшү дайыма өсүп, өөрчүнүп, өзгөрүп турат. Жашоонун мындай түрүн чөйрөнүн экологиялык жөнгө салуучу таасирлери колдоп турат.

Популяциянын генетикалык түзүлүшүнө, сырткы көрүнүшүнө караганда туруктуу көрүнгөнү менен, популяция дайыма өзгөрөт, себеби эң бир зарыл шарт, чөйрөдө өзгөрөт, ошондой эле алардын саны жана сапаты өзгөрөт, ал эч убакта микроэволюция деңгээлинде кайталанбайт.

Популяциянын генетикалык өзгөрүүсү популяциянын гомеостазынын өзгөрүүсү эң бир керек шарт, анткен популяциялык гомеостаздын өзгөрүшү жашоо үчүн ыңгайланышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Микроэволюция — эволюциянын баштапкы баскычы. Микроэволюция макроэволюциядан кескин түрдө айырмаланат. Микроэволюцияны түр ичиндеги өзгөрүүлөр далилдейт.

Биосфералык деңгээл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биосфера ар түрдүү биогеоценоздун же экосистеманын жалпы жыйындысы же организмдердин жалпы тирилчилик жашоодогу жогорку деңгээли. Бул деңгээлдеги зат алмашуулар, тирилчилик жашоодогу кыймыл аракеттерин көрсөтөт. Тирилчилик кыймылы биосфера деңгээлинде бири бири менен тыгыз байланыштуу, ошондуктан жалпы тиричилик биз жашаган планетадагы бузулгус бирдиктүү бир бүтүн нерсе.

Биосфера (гр. bios — "тиричилик", "сфера" — "кабык, жашоо чөйрөсү") деген терминин биринчи жолу 1875-ж. Австралия геологу Э. Зюсс киргизген. Бир топ жыл өткөндөн кийин 1926-ж. орус окумуштуусу В.И.Вернадский "Биосфера" деген китебин чыгарган. Мына ошол учурдан тартып адамзат биосферага жаңыча көз караш менен карай баштаган.

Биосферада организмдер ар түрдүү экологиялык шартта тиричилик гидросферада 11 миң м океандын тереңдигинде жерди чулгап турган газ сымал атмосферанын 20 км бийиктик ичинде жана жердин катуу катмары литосферанын бардык жеринде тараган.

Эволюция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы кезде Жер жүзүндө пайда болгон тиричилик материянын узакка созулган эволюция процесси (анын биринчи этабы — көмүртеги бар полимерлүү бирикмелердин химиялык эволюциясы, экинчиси тиричиликтин алгачкы жөнөкөй түрүнөн азыркы кездеги түрлөргө чейинки биологиялык эволюция) деп эсептелет.

Химиялык эволюция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химиялык эволюциянын этабында күн радиациясынын Жердин жылуулук энергиясынын таасири менен тиричилик процессинде негизги орунду ээлеген татаал заттардын (аминокислоталар, май кислоталары, азот негиздери, нуклеотиддер жана башкалар) молекулалары пайда болуп, андан татаал молекулалуу белокко окшош заттар (протеноиддер) түзүлгөн. Кийин болсо, протеноиддер өзүнүн денесин түзүү жана жашоосун камсыз кылуу үчүн айлана-чөйрөдөн тийиштүү зат менен энергияны алууга жөндөмдүү татаал системаларга биригет. Жашоо үчүн мындай системалар чөйрөдөн бөлүнүп, обочолонот. Алар тиричиликтин эң жөнөкөй формалары — пробионттор, протоклеткалар болгон. Пробионттор пайда болгондон тартып Жер жүзүндө материянын биологиялык эволюциясы башталган. Академик анын ичинде Опариндин ою боюнча эволюциянын бул стадиясынан табигый тандалуу башталган. Айрым пробионттор тышкы факторлордун таасирине туруктуулугу, алмашуу, өсүү, бөлүнүү активдүүлүгү менен айырмаланып, алар жаңы пробионтторду жараткан. Алгачкы пробионттордо нуклеин кислоталары болгон эмес. Пробионттордун составына нуклеотиттердин кириши менен өзүнүн молекуласын өзү кайра жаратуу жана ал касиетти кийинки муундарга берүүгө жөндөмдүү болуп, тукум куугучтук пайда болгон.

Эволюциянын кийинки этаптарында фотосинтезге, кычкылтек менен дем алуу жөндөмдүүлүгү пайда болуп, клеткалык жана көп клеткалык структуралар калыптанган (Клетка). Тирүү организмдер Жер жүзүндө таралып, алардын жыйындысы биздин планетадагы биосфераны түзөт. Алар Күндүн энергиясын тиричилик аракетинде кеңири пайдаланып, табиятты кайра курууда катышат.

Тирилчилик келечеги жөнүндө камкордук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаратылышта организм өзүнүн укум тукумун улантууда ар түрдүү камкордук көрүшөт. Балыктардын уругунун өсүшүнө кам көргөндөрүда бар. Ылайыктуу жайды таап жумурткасын таштап, уруктандыргандан кийин, анын тегерегинде болуп өрчүү учурунда уругун камкордук менен кайтарат.

Жаян балыгы

Ал эми Түштүк Америкада жашаган жаян (Tachysuzus) уруктанган жумурткаларын эркектери жутуп алат, жумурткалары анын карынында өөрчүйт, бул учурда эркектери азыктанбайт. Карын бездери маңызын бөлүп чыгарбай убактылуу токтоп калат. Личинкалары өсүп жетишкенден кийин, алар жөткүрүп сууга төгүшөт, балдары андан кийин өзүнчө жашап кетет. Кээ бир деңизде жашоочу балыктардын эркегинин (тикен канаттуулар жана конңектор) боор жагында баштыкчасына ургаачысы өзү урук түтүкчөсү аркылуу көп сандаган уруктарын киргизет, ал баштыкчада түйүлдүктүн өөрчүшүнө бардык мүмкүнчүлүк бар. Өөрчүшүп жетилгенден чабактарын (малекторун) өзүнчө жашоого сууга чыгарат.

Анчалык көп эмес сөөктүү балыктардын жумуртка тирүү туучулары бар (голомянкалар).

Голомянка

Мындай учурда жумурткадан урук түтүкчөсүнүн көңдөйүндө өөрчүп жетилген личинкаларын сыртка, сууга чыгарат. Малектору кандайдыр бир ыңгайсыз шартты сезгенде энесинин оозуна, бакалооруна кире качышат.

Кадимки тоточу

Жерде-сууда жашоочулар тукумун сактоо үчүн ар түрдүү аракеттерди жасайт, мисалы, Батыш Европада жашоочу кур бака тоточу башка бакадан өз балдары үчүн көргөн камкордуктары менен айырмаланат. Ургаачысы таштагандан сызма түрүндөгү уругун уруктангандан кийин эркеги былжырак тасма түрүндөгү урукгун өзүнүн жамбашына ороп алып, өстүрөт. Уругунун сырттынан нык кабык менен капталгандыктан, нымдуулукту сактайт, качан гана уруктар өөрчүп жетилгенден кийин, эркеги көнөк баштарын сууга төгөт, көнөк баштар өсүп чыккан бош кабыгын эркектери ыргытып салып, адатынча келерки жазга чейин, кургак жерде жашайт.

Суринам пипасы

Суринам пипасынын ургаачысынын баласын өстүрүүдө кылык жоругу мындан да кызык, куут алдында ургаачысынын жон жагынын териси барсайып көөп, 100гө жакын чуңкурчалар пайда болот, аларга ургаачылардын жыныс клоака-түтүкчөсүнүн жардамы менен жумурткаларын киргизет, эркектери ургаачысынын үстүнө чыгып, боору менен басып жумурткаларды уруктандырат, жумурткалардын үстү жагы коюу былжырак нерсе менен капталат. Болжол менен 80 күндөн кийин өрчүүнүн метаморфоз кубулушу жүрүп, көнөк баштар энесинен бошонуп, сууга кирип, андан ары өсөт.

Кургакта көптөгөн жашоочу жаныбар тууган жумурткасын көмгөн жерлерди, уяларын башка айбандарда (крокодилдер, чекир жыландар, оролмо жыландар, жырткыч канаттуулар ж. б.) коргошот.

Сүт эмүүчүлөрдүн өөрчүшү

Сүт эмүүчүлөр көбөйүү жагынан башка омурткалуу жаныбардан өзгөчө касиеттери менен айырмаланат. Бардык сүт эмүүчүлөрдө уруктануу дененин ичинде жүрөт, балдарын тирүү тууйт, тууган балдарын сүт менен багат, балдарына камкордук көрөт. Сүт эмүүчүлөрдүн көбөйүүсү ар түрдүү. Сүт эмүүчүлөрдүн ичинде "жумуртка" тирүү туучулары бар, бул топточулардын түйүлдүктөгү ургаачысынын жатынында өрчүйт, бирок энесинин денесинде баласы толугу менен өрчүп, жетилбей, жарым жартылайы уяда (өрдөк тумшук), кээ бирөөлөрүнүкү (ехидна, поосум) энесинин борундагы капчыгында өсүп жетилет. Мындай жол менен көбөйгөндүн жумурткасынын сарысы менен агынын көп болушу толук өөрчүүсүн камсыз кылат. Бир тешиктүүлөрдүн ара төрөлгөн баласы жатында өрчүсө да чөбү пайда болбойт. Ара туулган балдары алсыз болгондуктан энесинин сүтүн эме албайт (өрдөк тумшуктардын эмчеги жок, алардын боорундагы чуңкурчаларга сүт бөлүнүп чыгат, аны балдары жалап азыктанат). Мындай жол менен баласын багуу жаратылыштын өзгөчө кубулушу. Мисалы, опоссумдун баласы туулгандан кийин энесинин капчыгында эки айдай жашайт, баласы чоңоюп өзүнчө басып жүрүүгө жарап калганда, энесинин капчыгынан сыртка чыгарат, андан кийин дагы 40 күнчө энеси менен бирге болот, кандайдыр бир коркунучту сезгенде чоңоюп калган баласы энесинин капчыгына батпаса да кирүүгө умтулат. Курт кумурска жечүүлөр тукумунун өкүлү: ак боор ак тиштин дагы балдары белгилүү бир күндөргө чейин энесинен ажырабайт энесинен калбай, жей турган азыгын издөөдө чогуу жүрүшөт. Бул түркүмдүн өкүлдөрүнүн биол. өзгөчөлүктөрү зат алмашуусунун ез жүрүүсү менен мүнөздөлөт, ошондуктан алар жей турган курттарды тынымсыз издешет. Ачкалыкка чыдамсыз болуп, ачка болгондо бат эле өлүмгө учурайт. Азыктын издөөдө балдары энесинен калышпай, бири-биринин артынан жүнүнөн тиштеп чиркелишип энеси менен жүрөт. Ящер түркүмүнүн өкүлдөрүнүн сырткы көрүнүш, жашоосу жагынан башка сүт эмүүчүлөрдөн айырмаланып турушат. Денеси сыртынан түрпүчөлөр менен капталган, тумшугу узун. Бул түркүмдүн болгону 7 түрү бар, алар Түштүк, Чыгыш Азияда, Түштүк Африкада таралган. Ящерлердин салм. 4,5-27 кг, дене уз. 30-80 см, куйругу денесинен узун болуп 35-90 смге чейин жетет. Бул түркүмдүн өкүлдөүрүнүн тамактануу куралы - тил. Тили узун, жабышкак затты бөлүп чыгарат, тили менен курт кумурскаларды, термиттерди кармап жешет. Ящерлердин кыймылы жай, ж.на 1-3 чейинки балдарын тууйт, ийинде жашайт. Уктаганда же коркунуч учурунда түйүнчөктөй болуп бүктөлүп калат. Баласына камкордугу чоң, баласы энесинен ажырабайт, энеси азык издеген учурда баласы тырмактары менен энесинин куйругуна түрпүлөргө жабышып жүрөт. Коркунучту сезгенде, энеси токтоп, баласын калкалап кучактап, тоголок түйүнчөктөй болуп, оролуп жатып калат

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]