Өзгөргүчтүк
Өзгөргүчтүк - тектеш организмдердин белгилеринин жана касиеттеринин ар түрдүүлүгү. Ө-кө байланыштуу особдор популяция жана түр ичинде бири биринен айырмаланат. Табиятта бир бирине бардык касиеттери жана белгилери окшош организмдер кездешпейт. Бир түргө кирген особдордун арасындагы айырмачылыктар, организмдин тукум куугучтук материалдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Ошону менен бирге ал сырткы шарттар менен да аныкталат. Ошондуктан Ө-тү 1) Фенотиптик жана 2) Генотиптик түрлөрүнө бөлүшөт. Андан
1) Комбинативдик
2) Мутациялык
Андан
1) Геномдук
2) Хромосомдук
3) Гендик
Фенотиптик (модификациялык) өзгөргүчтүк - сырткы чөйрөнүн шартарынын таасири астында фенотиптин өзгөрүшү. Мында генотип өзгөрбөйт. Белгинин модификациялык өзгөрүшү тукум куубайт. Белгинин модификациялык өзгөргүч чеги "реакциянын нормасы" деп аталат. Ал генотип менен аныкталат. М. ө-түн негизинде жаткан реакциянын нормасы табигый тандоонун натыйжасында пайда болгон. Ал жашоо шартка байланыштуу болуп, ага ыңгайланышат.
Фр. ботаниги Боннье өсүмдүктөргө бир катар тажырыйба жүргүзгөн. Ал каакумду экиге тең бөлүп, бир бөлүгүн жылуу жумшак климатта Парижде, экинчи бөлүгүн бийик тоодо өстүргөн (16-сүрөт). Париждеги өсүмдүктүн сабагы бийик, ал эми тоодогунун сабагы абдан кыска болуп, жалбырагы жайылып жерге жакын өскөн. Жашоо үчүн тоонун татаал шартына аргасыз ыңгайлангандыктан, өсүмдүк өзгөрүүгө дуушар болгон. Эгерде бул эки өсүмдүктүн уруктарын бирдей шарттарда өстүрсө, белгилери бирдей болгон өсүмдүктөр өсүп чыгат. Демек, сырткы чөйрөнүн таасири астында фенотиптин өзгөрүшү жүрөт, генотип болсо өзгөрбөйт.
Комбинативдик өзгөргүчтүк - тукум куума, генотиптик өзгөргүчтүктүн бир түрү, генотипте аллелдердин орун алмашуусу менен байланышкан өзгөргүчтүк.
К. ө. 3 кубулуштун негизинде пайда болот:
- мейоздо хромосомдордун көз карандысыз бөлүштүрүлүшүнөн;
- уруктанууда зиготада ар кандай тутумдагы аллелдердин, же хромосомдордун кошулуусунан;
- кроссинговердин натыйжасында гендердин орун алмашуусунан.
Бирок бул учурда жаңы ген пайда болбойт. К. ө. ошол эле гендердин орун алмашууларынын же жаңыча айкалышууларынын негизинде жүрөт (17-сүрөт).
К. ө-кө гетерозис кубулушун киргизсе болот. Гетерозис же гибриддик күч ар кандай түрлөрдүн, же сорттордун, породалардын өкүлдөрүн аргныдаштырганда, биринчи муунда байкалышы мүмкүн. Ал особдордун тиричилик жөндөмдүүлүгүн жогорулашы, боюнун бийик, мөмөсүнүн чоң болушу, түшүмдүүүлүгүнүн өсүшү, сырткы чөйрөнүн шартына чыдамдуу болушу менен мүнөздөлөт.
Мутациялык өзгөргүчүтүк - генетикалык аппаратта, чөйрөнүн сырткы же ички факторлорунун таасири менен болуучу өзгөрүүлөр. Мутациялар күтүлбөгөн жерден пайда болуп, бул организмдер баштапкылардан кескин айырмаланып турат. Эволюция процессинде М. ө. жаңы түрдүн, сорттун, породанын пайда болушуна алып келет. Генет. аппараттын өзгөрүшүнө байланыштуу мутациянын 3 түрүн ажыратышат:
- геномдук - хромосомдордун санынын өзгөрүшү;
- хромосомдук - хромосомдордун структурасынын өзгөрүшү;
- гендик - гендердин структурасынын өзгөрүшү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7