Сарык

Википедия дан
Сарык менен ооруган кишинин көздөрү

Сарыкөт пигменти — билирубин канда жана ткандарда топтолушунан теринин, көздүн агы жана былжыр челдин саргарып кетиши.
Сарык боорду жабыркаткан вирустуу гепатитте, боордун циррозунда жана өт жолдорунун таш оорусунда, айрым кан ооруларында[[]] семолиздик сарык болот. Боорду жабыркаткан ооруларда билирубин пайда болуу жана аны ичегиге бөлүп чыгаруу бузулат, заң агарып, заара кочкулданат. Өт жолдорунун таш оорусунда жалпы өткөөлдү таш бүтөп калып, өт ичегиге өтпөй, билирубин канда көбөйөт. Мындай сарыкта заң агарып, заара кочкулданат, тери дүүлүгүп кычышат.

Гемолиздик сарык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гемолиздик сарык кандагы эритроциттер көп ажырап, андагы билирубиндин бөлүнүшүнөн болот. Ал көбүнчө тубаса же кийин пайда болгон гемолиздик аз кандуулукта байкалат. Мында заң агарбайт, заара сыяктуу эле кочкул түстө болот. Саргаруу адегенде көздүн агында, жумшак таңдайда, тилдин алдында, андан кийин териде байкалат. Сарык байкалар замат врачка кайрылуу зарыл. Себеби сарык вирустуу гепатиттин кесепетинен болсо айланадагыларга жугат. Эгер өт жолдорун таш бүтөп калуудан сарык болсо операция жасоого туура келет.

Ымыркайлар сарыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ымыркайлар төрөлгөндөн 2—3 күндөн кийин физиологиялык сарык болот. Ал убактылуу боор начар иштегенден болуп, 1—2 жумадан кийин өзү жоголот. Эне менен баланын кан сыйышпастыгынан ымыркайлардын гемолиз оорусу пайда болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8