Заң

Wikipedia дан

Заңдефекацияда чыгарылуучу, жоон ичегинин төмөнкү бөлүгүнүн ичиндеги зат.

Нормада 1/3 бөлүгүн тамактын сиңбеген калдыгы, 1/3 бөлүгүн ичеги маңызы, 1/3 бөлүгүн ичегидеги микроорганизмдер (анын 95%и өлгөн) түзөт. 3-дын составын изилдөө тамак сиңирүү органдарынын ооруларын диагноздоодо чоң мааниге ээ. Анализге жиберүү үчүн таза, кургак идишке чогултулуп, микроскоптун жардамы менен составы аныкталат.

Заң дын өлчөмү тамактын мүнөзүнө жана өлчөмүнө жараша болот. Ал тамак начар сиңирилгенде, перистальтика күчөгөндө, уйку безинин, ичеги ооруларында көбөйөт жана оңой сиңирилүүчү тамакты жегенде, ич катканда, ачка болгондо азаят. Ич катканда заң катууланып коргол болуп чыгат. Коюу-суюктугу андагы суу, май, клетчатканын өлчөмүнө жараша болот. Ич өткөндө 90—92% суу, сиңбеген тамак аралашмалар чыгат. Заңдын түсү ичкен тамакка жараша, ошондой эле түрдүү ооруларда өзгөрүлөт: сүт азыктары менен азыктанганда ачык күрөң, эттүү тамак-аштан кочкул күрөң, жашылчалардан жашыл сымак түстө болот. Ичеги-карындан кан кеткенде кара жана кара майга окшош, өт жолдоруна таш турганда боз, топурактай же кумдай, май кошо чыкканда боз, туруп калса күңүрттөнүп калат.

Заңдын жыты белоктуу тамак-аш жегенде коңурсуган сасык, ачуу процесстер үстөмдүк кылганда кычкыл болот. Заңда май көп болсо, ал жылтырап көрүнөт. Заңдын патологиялык кошулмаларына былжыр, кан, ириң, таш, мителер кирет. Былжыр заңды жука чел менен каптайт. Жоон ичеги сезгенсе же ич катканда былжыр көбөйөт. Жоон ичегинин ылдый жагынан кан кеткенде оңой билинет, жогору жагы канаса химиялык жол менен гана аныкталат. Заң ириң аралаш чыкканда жоон ичегиде жара бар экендигин айгинелейт. Заңда түрдүү таштар (мисалы, өт таштары) да кезигет. Мителерден жумуру жана тасма курттардын бөлүктөрү болушу мүмкүн. Микроскоп менен изилдөөдө булчуң, тутумдаштыргыч ткандын талчалары, клетчатка, крахмал, былжыр, ичегинин эпителий клеткалары, эритроциттер, зыяндуу шишиктердин клеткалары, туздардын кристаллдары, микроорганизмдерден — амёба, лямблия, мителердин жумурткалары табылат. Ошондой эле заң микробиологиялык жана химиялык жол менен да текшерилет.

Балдардын заңы анын жашына, тамактануусуна, ичеги-карындын абалына жараша болот. Эмчек эмген бала ачка болгондо анын заңы күңүрт же жашыл болот. Ич өткөктө суюк, коңурсуган, түсү саргыч-жашыл; диспенсияда 600 млге жакын заң чыгат (нормада 80—100). Дизентерияда заң кан, ириң аралаш чыгат. Сальмонеллёздордо былжырлуу жашыл суюк заң чыгат.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8