Монгонездүү соргучтар

Википедия дан

Монгонездүү соргучтар, моногенези (лат. Monogenoidea) — мите жалпак курттардын классы. Денесинин уз. 1 мм, чанда 40—50 мм.

Бир башында оозу, экинчи учунда ээсине жабышуучу дискасы болот. Кээде ал диска күчтүү соргучка айланат. Сыр­ты жука кутикула менен капталган, кабыгы менен ичегисинин ортосу бириктиргич ткань — паренхима менен толгон. Тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, нерв, сезүү жанa көрүү органдары бар, кан айлануу жанa дем алуу органдары жок. Монгонездүү соргучтар — гермафродиттер; жумуртка таштайт, айрымдары жумуртка- тирүү тууйт. Алардын 2000дей түрү белгплүү. Негизинен балык, сойлоочулар жанa жерде-сууда жашоочуларга мителик кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.