Монолог

Википедия дан

Монолог (гр.— бир сөз) — көркөм чыгармада каармандын жекече же көрүүчүлөргө карата айткан сөзү. Монологдун диалогдон (к.) айырмасы сүйлөп жаткан кишинин сөзүнө башка каармандар аралашпайт. Лирикалык чыгармаларда монолог негизги орунда турат, драмалык чыгармаларда катышуучунун монологу көрүүчүлөргө карата айтылат. Монологдор аркылуу каармандардын мурунку жана кийинки тагдырын, алардын бул же тигил көрүнүшкө карата мамилесин, личносттук сапаттарын даана билебиз. Мисалы, К. Баялиновдун «Ажар» повестиндеги Ажардын монологу:

«— Жаным, aпa тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп артыңда жалгызың келип, жалооруп жаныңда турат. Жалгызыңдын сөзун ук, ая! Жалгызың бүгүндөн баштап, ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага сатылганы жатат. Андан кутказ, ал азапты көрсөтпө, койнуңа ал, ач койнуңду!..

... Кантейин, эң болбогондо теңтуш болсо, кыздын барар жери күйөө дегендей, жаттыгына карабай «мейли» деп коёт элем. Бирок ал маркум атамдан да карыган киши экен. Ага канткенде барам? Канткенде аны өмүрлүк жолдош кылам? Андан канткенде кутулам? Кимден кеңеш, кимден жардам сурайм? Айт, aпa! Мага айла тап! Менин сенден башка барар жерим, таянар тоом, жашынар караган-бутам калбай калды».

Монолог каарман тарабынан үн чыгарылбай ичтен айтылса, ички монолог, үн чыгарып айтылса (муну кандай түрдө айтылып жатканын көбүнчө автордун сөзүнөн билебиз) сырткы монолог деп аталат.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine