Монополиялык пайда

Википедия дан

Монополиялык пайда - киреше формасы; монополисттик соода жанa өнөр жайда капиталынын иш максаты жанa натыйжасы.

Монополиялык пайда жумушчуларды гана эмес, дыйкандарды, кол өнөрчүлөрдү, майда жанa орто буржуазияны, ошондой эле жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эмгекчилерин эзүүнүн эсебинен көбөйөт. Соода Монополиялык пайдасы дыйкандардын жанa кол өнөрчүлөрдүн азык-түлүгүн, буюмун кем баа менен сатып алып, үстөк баа менен сатуудан түшөт. Бул дүйнөлүк рынокто соода монополиясы үстөмдүк кылган мезгилге (17—18-к.) мүнөздүү болгон.

Өнөр жай Монополиялык пайдасы империализм дооруна мүнөздүү. Анын негизги булагы — кошумча нарк. Капитализмдин мамл. монополисттик капитализмге өсүп чыгышы менен Монополиялык пайданын капыс Монополиялык пайдасы мунун ордуна туруктуу үстөк пайда, анан анын жалпы үстөм кылуучу формалары өнүгөт. Монополиялык пайда экономиканы милитаризациялоо жанa согуш ар­кылуу да камсыз кылынат.

Монопо­лия орто жанa майда капит. ишканалардын кошумча наркынын бир бөлүгүн да ээлейт. Монополиялык пайда конкуренция күрөшүн күчөтүп, капитализмдин карама-каршылыктарын курчутуп, империализмдин ойрон болушун жакындатат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.