Монополия баасы

Википедия дан

Монополия баасымонополияга үстөк пайданы камсыз кылуучу өндүрүш наркынан же баасынан кыйла кымбат товар баасы.

Эркин конкурен­ция өкүм сүргөн монополиясыз мезгилде айыл чарбанынын кээ бир азык-түлүгүнө, аздап ө. ж. продукциясына Монополия баасы колдонулган. Монополия баасы — империализм шартында монополисттик капитализмден келип чыгуучу закон ченемдуү көрүнүш, анын өтө көбөйүшү империализмге гана тиешелүү. Анткени монополия өндүрүшкө, жүгүртүүгө үстөмдүк кылуу аркылуу узак мезгилге чейин рынок баасын өндүрүш баасынан кыйла өлчөмдө жогорулата жанa төмөндөтө да алат. Монополия баасынын кымбат жанa арзан түрү бар.

Кымбат баа менен монополиялар өз ара продуктысын сатат, арзаны менен сырьё са­тып алат. Монополия баасы товардын баа закону катары нарк законунун таасирин жок кылбайт. Монополия баасынын жардамы менен монополисттер арбын пайда алып, көз карранды жанa начар өнүккөн өлкөлөргүн эмгекчи калкынын турмушун жазгырлантат. Ошентип, Монополия баасынын тегерегинде капит. коомдун түрдүү табынын кызыкчылыгы чийелешет. Монолиялар товар сатууда дайыма байкалуучу Монополия баасынын кымбатташы алар сатып алуучу жанa сатып алган продуктулардын, сырьёнун, азык-түлүктун баасынын арзандашы империализмдин таптык карама-каршылыктарын күчөтүп, анын ойрондолушун тездетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.