Монохром жарыгы

Википедия дан

Монохром жарыгы (моно..., гр. chromatos — түс) — көзгө көрүнүүчү белгилүү чоңдуктагы жанa туруктуу термелүү жыштыктагы электр-магнит толкуну (Жарык).

«Монохром жарыгы» термининин пайда болушу термелүү жыштыгы түрдүү чоңдуктагы жарык толкундар адамдын көзүнө түрдүү түстө көрүнушү менен байланышкан. Монохром жарыгы идеалдык түшүнүк. Реалдык булак жарык чыгарганда анын ар кандай энергетикалык абалдарынын ортосундагы бир канча өтүштөр болот. Ошондуктан мындай жарыктын составында түрдүү термелүү жыштыктагы толкундар болот. Кадимки жарыктан Монохром жарыгына жакын кууш спектр аралыгы (интервалы) монохроматтар деп аталган прибордун жардамы менен бөлүп алынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.