Монтаждоо аспаптары

Википедия дан

Монтаждоо аспаптары - курама конструкцияларды кураштырып иликтирүүдө аларды көтөрүу, орно­туу жанa убактылуу бекитүү, тийишкен жерлерин текшерүү жанa бүтөө үчүн колдонулуучу аспаптар.

Монтаждоо аспаптарынын туура конструкциясын талдап алуу жанa аны билгичтик менен пайдалануу монтаж иштерин бардык жактан жакшыртат.

Монтаждоо аспаптары төрт топко бөлүнөт:

  • 1) кураштырылма элементтерди көтөрүү жанa аны ордуна орнотуу үчун колдонулган аспаптар;
  • 2) конструкцияны (колонна, ферма, тийишуүчу панелдер) убактылуу бекитүүчү жана тууралагыч аспаптар;
  • 3) курама конструкциянын тийишкен жерлерин бүтөп жылмалоочу аспаптар;
  • 4) кон­струкцияларды кураштырууда жана монтаж жүргүзүүчүлөрдү коопсуз жана кураштыруу ишинде иштегендердин коопсуздугун камсыз кылууда пайдаланыла турган аспаптар.

Бул топко көпүрө түркүк, асма жана жөлөмө тепкичтер, тосмо ж. б. кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.