Монтмориллонит

Википедия дан
Монтмориллонит.

Монтмориллонит (Франциядагы Монморийон шаарынын атынан) — катмарлуу силикаттар классчасындагы чополуу минерал.

Өзгөрүлмө химиялык составдуу (Ca, Na) (Mg, Al, Fe)2[(Si, Al)40ю] (OH)2-nH2O. Өңү ак, кызыл, жашыл, күрөң. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1. Салышт. салм. 1,8. Суулаганда кабаттарына суу тез сиңгендиктен көлөмү чоңоюп кетет. Монтмориллонит жегичтер чөйрөсүнүн шартында алюмо-силикаттардын үбөлөнүүсүнөн пайда болот. Адсорбция жанa нефть промыселинде, текстиль өнөр жайында, самын кайнатууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.