Монтрекс конвенциясы

Википедия дан

Монтрекс конвенциясы - Эл аралык суу жолу болуп мамлекеттик укукта маанилүү орунду ээлеген, керек болсо Түркиянын жана бул аймактын геосаясаттык көз-караш жагынан чоң мааниси бар түрк кысыктарынын статусу 1936-жылы 20- июлда Швейцариянын Монтрекс шаарында бекитилген эл аралык келишим.

Монтрекс конвенциясынын негиздери: 1. Кысыктан өтүү; согуш жана тынчтык күндөрүнө, соода жана аскердик кемелерге жана Кара деңизде жээги болгон жана болбогон мамлекеттерге карата өз-өзүнчө мүмкүнчүлүктөр берилген. Кээ бир өзгөчөлүктөрдү эске албаганда «өтүү эркиндиги» эрежеси кабыл алынган. 2. Кысыктын аскердик көзөмөлү жана коргонуу чаралары толук бойдон Түркияга таандык. (Мындан мурдагы Лозан келишиминде алынган өкүм бул жердеги аскердик күчтөрдүн алынып салынышын талап кылган болчу. Монтрекс конвенциясында да Түркиянын каалаганы бул өкүмдүн өзгөрүүсү болчу. Ошентип, Түркия максатына жетти). 3. Кысыктардан өтүүнү текшерген Эл аралык кысыктар комиссиясы жоюлган.(Монтрекс конвенциясынан мурда тыш өлкөлөрдүн өкүлдөрү да иштеген ушундай көзөмөлдөөчү комиссия бар болчу) Жогорудагы жыйынтыктардан Монтрекс конвенциясы Түркия үчүн чоң бир жетишкендик болгон жана кысыктарга ээлик кылууну камсыз кылган.

Келишимге ылайык, чет элдик кемелердин кысык аркылуу өтүүсүндө төмөнкү кылдаттыктар өкүмгө байланыштуу болууда:

А. Тынчтык мезгилде: а) Кара деңизде жээги болбогон мамлекеттердин соода кемелери эркин өтө алат, согуш кемелери болсо 8-15 күн мурун Түркияга кабар бериши керек. Бир мезгилде эң көп 9 кеме өтө алат жана ошондой эле 15020 тоннадан ашык жүк өткөрүлбөйт. Суу астынан өтүүчү жана учак кемелери 10000 тоннадан көп болгон согуш кемелери такыр өтө албайт. Келишимге ылайык, келген согуш кемелери Кара деңизде 21 күндөн ашык кала албайт. Кара деңиз менен чектешпеген өлкөлөрдүн согуш кемелери 30 000 тонна жүк менен өтө алат. Бирок Кара деңиз менен чектешкен өлкөлөрдүн кемесиндеги жүк 10 000 тонна болот. Өз ара келишим аркылуу бул жүк салмагы көбөйтүлүшү мүмкүн, бирок 45 тоннадан ашпашы керек. Буга байланыштуу 1973-жылы Кара деңиздеги эң күчтүү мамлекет катары эсептелген СССР 95 000 тонналык согуштук кемесин бул деңиз аркылуу алып өткөн болчу. Бирок азыркы учурда кемесиндеги жүк 45 000 тоннадан ашкан кемелер Кара деңизден өтүүгө мүмкүнчүлүк ала алышпайт. (Өзгөчө алар деңизде 21 күндөн ашык кала алышпайт). 1973-жылдын аягында Кара деңизде жээги болгон Болгария согуш кемесинин 7220 тонна экендигин, ал эми Румыния согуш кемесинин салмагы 3881 тонна экендигин маалымдаган. б) Кара деңизде жээги болгон өлкөлөрдүн соода кемелери эркин өтө алат. Ал эми согуш кемелери өтө турган болсо, бул тууралуу 8 күн мурда Түркияга кабар бериш керек, бир мезгилде өткөн кемелердин жүгүнүн салмагы 15000 тоннадан ашпашы керек. Ал эми Кара деңизде калуу мезгили белгиленген эмес.

Б. Согуш мезгилинде: а) Түркия бейтарап мамлекет болсо, бүт мамлекеттердин соода кемелери эркин өтө алмак. Бирок согушуп жаткан өлкөлөрдүн согуш кемелери өтө албайт. б) Түркия согушка катышуучу өлкө болсо, анда кайсы өлкөнүн кемесин өткөрүү, өткөрбөө өз эрки болмок. Кааласа кысыкты жаап салууга да кудуреттүү боло алмак. в) Согуш алааматы жакындаган учурларда да, Түркия дале каалаган чечимин чыгарууга өзү гана укуктуу. Кысыкты жаап коё алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9