Мороз Александр Алексеевич

Википедия дан

Мороз Александр Алексеевич 1929-жылы азыркы Сузак районундагы Октябрь кыштагында туулган.

  • Мектепти бүткөндөн кийин, Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1951-жылы кызматын өтөп келет.
  • Келгенден кийин, Жалал-Абад шаарындагы Зооветеринардык техникумуна тапшырып, аны аяктаган соң, ошол кездеги Фрунзе шаарындагы Айыл чарба институтуна өтүп, 1960-жылы ийгиликтүү аяктайт.
  • 1960-1968-жылдары Ноокат районундагы Көк-Жар совхозунда ветеринардык врач, башкы ветеринардык врач болуп эмгектенген.
  • 1968-жылы Октябрь кыштагындагы “Дружба” совхозуна башкы вет.врач болуп которулуп келет да, 1972-жылга чейин иштеген.
  • 1973-1982-жылдары Жалал-Абад шаарындагы зооветтехникумунда мугалим, Жалал-Абад канаттуулар фабрикасында вет.врач болуп иштеп,
  • 1982-жылы кайрадан “Дружба” совхозуна башкы ветеринардык врач болуп которулуп келип, пенсияга чыкканга чейин эмгектенген.
  • Коммунисттер партиясына 1960-жылдан баштап мүчө болгон.
  • Октябрь айыл кеңешине бир канча жолу депутаттыкка шайланган.
  • ’’Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” жана “Эмгек ардагери” медалдары, көптөгөн Ардак грамоталары менен сыйланган.
  • 2011-жылы каза боягон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3