Морфогенез

Википедия дан
Морфогенез.

Морфогенез (гр. morphe – түр, форма жана...генез), форма пайда болуу – организмдердин жеке (онтогенезде), о. эле тарыхый же эволюциянын өөрчүшүндө (филогенезде) органдардын, системалардын жана дене бөлүктөрүнүн жана формалардын пайда болушу. Морфогенезди изилдөө – өсүмдүк, жаныбар жана адам морфологиясынын негизги проблемаларынын бири. Жаныбарлардын жеке өөрчүшүндө субклеткалуу, клеткалуу жана көп клеткалуу структуралар пайда болот. Классикалык эмбриологияда, демейде, көп клеткалуу структуралардын пайда болушу морфогенез деп түшүндүрүлөт. Ал өөрчүп жаткан организмдин көбөйүшү, формасынын өзгөрүшү, клеткаларынын орун которушунан пайда болот. Жаныбарларда клеткалардын көбөйүшү аркылуу форма пайда болуу түйүлдүктөн кийинки өөрчүүгө мүнөздүү. Жаныбарда көңдөй (түтүк) органдардын (ичегинин, нерв түтүгүнүн пайда болушу), алардын бөлүктөрүнүн (мээ ыйлаакчаларынын өөрчүшү) жана башка учурлар морфогенезге мисал болот.

Өсүмдүк морфогенези – өөрчүү процессинде форманын калыптанышы, морфологиялык структуралардын пайда болушу жана организмдин бүтүндүгү. Өсүмдүктүн бүтүндөй онтогенезинде такай өстүрүп туруучу меристеманын болушу өсүмдүк морфогенезинин мүнөздүү белгиси болуп эсептелет. Бул учурда бардык жаңы өркүн, гүл, тамыр калыптанат жана дене түзүлүшүнүн метамердүүлүгү (симметриялуулугу) пайда болот. Онтогенездин ар кандай этаптарында организмдин өөрчүшүн башкаруу максатында морфогенезди изилдөө өөрчүү биологиясы, ошондой эле генетика, молекула биологиясы жана башкалар. тармактардын негизги маселелери болуп саналат жана тукум куугучтук закон ченемдүүлүгүн изилдөө менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]