Мухаммед Али

Википедия дан
Мохаммед Али‎»‎ барагынан багытталды)
Мохаммед Али
Muhammad Ali
Портрет
Төрөлгөндөгү аты:

Кассиуc Марселлус Клэй

Ишмердүүлүк тармагы:

Боксёр

Туулган датасы:

17 -январь 1942(1942-01-17)

Туулган жери:

Луисвилл Кентукки , АКШ

Жарандыгы:

 АКШ

Өлгөн датасы:

3 -июнь 2016(2016-06-03) (74 жаш)

Өлгөн жери:

Скоттсдейл, Марикопа, Аризона, АКШ

Сайт:

ali.com

Мохаммед Али (англ. Muhammad Ali) - 1942-жылы 17-январда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн.Бокс тарыхында атын алтын тамгалар менен жазган мушкер. Ал көптөгөн жаштардын спорттун ушул түрүн тандоосуна себеп болгон.1960-жылы Олимпиада оюндарында чемпион аталып, профессионалдык бокс дүйнсүнө аттанган. Профессионалдык рингде ал 61 беттеш өткөрүп, 56 ирет женишке жетишкен. 1964-1966-жылдар аралыгында жана 1974-1978-жылдар аралыгында супер оор салмакта дүйнө чемпиону катары чемпиондук курга ээ болгон.

2016 жылдын 3-июнь күнү 74 жаш курамында легендарлуу мушкер Финикс шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумат.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мушкер 1942-жылы 17-январда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. 10 жаш курагында башка теңтуштарындай болуп иштебесе да, мектепте парта, такталарды тазалап, аз-аздан акча алып турган. 1950-жылдары Луисвилл шаарында кара түстөгү адамдарга катуу басым болгон. Бул кичинекей Кассиус Клейди (өзүнүн аты) эрте турмушту түшүнүүгө, басымга кантип туруштук берүүгө үйрөткөн.Мушкер ал күнүн мындай эскерген "Менин теримдин түсүнө асылгандардын жаагын жапкандан мурун, мен бизди коомдо эмнеге жаман көрөрүн түшүнө албай ыйлачумун" Клей 12 жашында бокс менен машыга баштаган. Анын бул чөйрөгө келүүсү кокусунан болгон. Ал балдар менен балмуздак бекер тараткан жерлердин бирине барып, велосипедин уурдатып жиберген. Полиция кызматкерине карап ал "ууруну тапсам катуу токмоктойм" деген. Буга ал "бирөөнү токмоктогондон мурун, кантип токмоктоо керектигин үйрөнүш керек" деген жооп алат. Бир канча күн өткөн соң Клей ошол полициянын боксчу балдарын сыналгыдан көрөт. Ал бокс залына ушул окуядан кийин бара баштаган.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

18 жашка толгон Кассиус Клей "Рим-1960" Олимпиадасына жолдомо алган. Ал мелдеште эң жаш мушкер болгонуна карабай атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынган. Мушкер Олимпиада оюндарынан алтын медаль менен кайтып келген соң Луисвилл шаарындагы ресторандардын бирине кирген. Бул ресторан ак түстөгү адамдар үчүн болгонун мушкер мыкты билген. Бирок өзүнүн Олимпиада чемпиону экенин айтып, ал ичкенге суу да ала алган эмес. Буга катуу арданган мушкер "керекке жарабаган" медалын сууга ыргыткан. Эл аралык Олимпиада комитети мушкерге медалды кайра 90-жылдары жасап берген.Кассиус Клей 22 жашында профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону аталуу үчүн беттеш өткөргөн. Анын атаандашы Сонни Листон болгон. Клей өзүн рингде мыкты көргөзүп, атаандашы Листон 5-раунддан кийин беттешти токтотууну суранган.Дүйнө чемпиону аталган соң Кассиус Клей коомчулукка ислам динин кабыл алганын айткан. Буга катар ал Мухаммед Али деген ысымга ээ болгонун билдирген.1967-жылы ал согушка каршы экенин айтып, аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан. Бул үчүн мушкер рингге чыгуу укугунан ажырап, аны 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча сот чечими чыккан. "Өз өлкөсүн сатып кетти!" деп көптөгөн күйөрмандар андан жүз бурганы менен, мушкер принцибинен тайган эмес. 1971-жылы Жогорку Сот Мухаммед Алинин ишин кайрадан карап чыгып, мушкерди актаган. Айтылбай Рингге кайтып келип, Фрейзерге утулган. Профессионалдык рингде Али 61 беттеш өткөрүп, 56 ирет жеңишке жетишкен. Аны уткан мушкерлердин бири - Жо Фрейзер. Фрейзер-Али беттеши "кылымдын беттеши" деп аталып, 1971-жылы 8-мартта орун алган. Анда атаандашы Алиге жакынкы аралыктан көп сокку узатып, беттеш акырында упай айырмачылыгында жеңишке жетишкен.Али карьерасын 1980-жылы жыйынтыктаган. 1984-жылы анын көрүүсү, угуусу начарлап, ооруканага жаткырылган. Ага Паркинсон оорусу боюнча диагноз коюлган. Жыйынтыгында ал калган өмүрүн калтырак оорусу менен өткөргөн.

Алинин оратор экени көпчүлүккө белгилүү. Кезинде аны жогорку окуу жайлар да лекция окууга, студенттерди шыктандырууга чакырган. Мушкерди дүйнө эли "Мен мыктымын" деп алгач өзүн, анан дүйнө элин ишендирген адам катары билишет.Али көз жумган соң дүйнө эли кайгыруу менен анын жакындарына, санаалаштарына көңүл айтты. Үн каткандардын арасында белгилүү америкалык мушкер, экс-чемпион Майк Тайсон да болду. Ал кыскача гана: "Кудай өзүнүн чемпионун алып кетти", - деген билдирүү жасаган.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]