Мугхана

Википедия дан

Мугхана – таштан узата салынган, үстү кумпалуу же жалпак жабылган, эшиги тар күмбөз (б.з.ч. 2-к. – б.з.6–7-к). Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү коюлган. Дубалдарынын көлөмү, тургузулушу жана саны боюнча айырмаланат. Фергана өрөөнүнүн түндүк-батыш бөлүгүндө, Карамазар жана Чаткал кырка тоолорунун өрөөндөрүндө кездешет. Бул жерлерде 200дөн ашык мугхана казылган. Алар чала көчмөн тоолук малчыларга таандык. Бул урууларды эфталиттер менен байланыштырышат. Алабука районундагы мугханаларды 1951-жылы А.К.Кибиров, 1955 жана 1974-жылдары Ю.А.Заднепровский изилдешкен. Терексай шаарчасына жакын, Ортотокой кыштагында Касансай суусунун оң өйүзүндө Чычырканак дөбө мүрзөлөрүнөн да мугханалар табылган. Түндүк чыгыштагы эң четки мугханалар тобу Пачата суусунун (Аксы району) жогорку бөлүгүндө кезигет. Казылган мугханалар б.з. 1-кылымына таандык.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.