Мужибар рахман

Википедия дан

Мужибар рахман, Шейх Мужибур Рахман (17. 3. 1920, Чыгыш Бенгалиядагы Фарижурдун четиндеги Тонгипара кыш.—15. 8. 1975, Дакка) — Бангладештин мамлекеттик жана саясий ишмери.

1947-ж. Калькуттадагы Ислам коллежин бүткөн. 193847-ж. антиколон. кыймылга, Пакистан түзүлгөндөн (1947) Чыгыш Бенгалиядагы улуттук кыймылга активдүү катышкан. 1949-ж. Авами Лиг (Элдик партия) партиясын негиздешип, 196674-ж. анын председатели. 1972-ж. 12- январдан Бангладеш Эл Республикасынын (1971-ж. түзүлгөн) премьер-министри. М. Р-дын өкмөтү кеңири социалдык-экон. программа белгилеп, блокторго кошулбоо, тынчтыкчыл барлык мамлекеттер менен достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү принцибин жарыялаган.

Мужибар рахман 1972-ж. CCСP- ге официалдуу визит менен, 1974-ж. дарылануу үчүп келген. 1975-ж. мамлекеттик төңкөрүш мезгилинде өлтүрүлгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.