Муздаткыч витрина

Википедия дан

Муздаткыч витрина — азык-түлүк дүкөндөрүнүн жанa коомдук тамактануу ишканаларьшын залдарына орнотулган муздаткыч жабдуу.

Муздаткыч витрина муздатылган, тоңдурулган азыктарды жанa даяр тамактардын үлгүсүн көрсөтүүгө жанa сактоого арналган. Муздаткыч витринанын текче-конструкциялык өзгөчөлүгү азыктарды сатуу ыгына байланыштуу. Кээ бир Муздаткыч витрина айнек менен жабдылып, бир жагы ачылма болот. Ал бир, эки, үч текчелүү жасалып, азыктарды сактоочу текчеден жана ошол эле азыктарды көрсөтүүчү витринадан турат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.