Макатаев Мукагали

Википедия дан
Мукагали Макатаев‎»‎ барагынан багытталды)
Мукагали Макатаев
Файл:Mukagaly Makatayev's monument in Almaty.jpg
Туулгандагы ысымы:

Мухаметкали Макатаев

Мукагали Макатаев (каз. Мұқағали Мақатаев; 9-февраль 1931-жыл — 27-март 1976-жыл) — советтик Казакстандын атактуу акыны, жазуучусу жана котормочусу.

Мукагали Макатаев 1931-жылдын 9-февралында Алматы облусунда Нарынкол районунун (бүгүнкү Райымбек району) Карасаз айылында туулган. 1948—1949-жылдары Казак мамлекеттик университетинде окуган. 1952—1969-жылдары Казак Радиосунда диктор, орто мектепте орус тили мугалими, «Советтик чек ара» гезитинде жооптуу катчы, «Социалисттик Казакстан» жана «Маданият жана турмуш» гезиттеринин, «Жылдыз» журналынын кызматчысы болуп иштеген.

Мукагали Макатаевдин чыгармалары 1948-жылы басып чыгарыла баштаган. Ал «Аппасионата» (1962) поэмасынын аркасында атактуу болгон. Акындын көп чыгармалары казак адабиятынын алтын фондуна кирет. Мукагали Макатаев казак тилине Уильям Шекспирдин сонеттерин (1970), Уолт Уитмендин ырларын (1969), Данте Алигьеридин «Кудаий комедиясын» (1971) жана башка чыгармаларды которгон. 1970-жылы Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1973-1974-жылдары Москвадагы өнөр жана адабият Институтунда окуган.

Мукагали Макатаев 1976-жылдын 27-мартында Алматы калаасында 45 жашында каза болду. Ал каза болгондон кийин 1999-жылы анын «Аманат» ыр жыйнагы үчүн Казакстан өкмөтүнөн Мамлекеттик сыйлык берилген[1].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Макатаев Мукагали Archived 2016-03-03 at the Wayback Machine // «Казахстан». Национальная энциклопедия. — Алматы: «Қазақ энциклопедиясы», 2005. — 3 Т. — ISBN 9965-9746-4-0.