Мукамбаев, Усуп

Википедия дан

МУКАМБАЕВ Усуп (1941-ж.т., Ысык-Көл облусу, Аксуу р-ну, Жолголот айылы) – коомдук, мамлекеттик ишмер.

Ишмердүүлүгу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (1996).
1968-ж. КМУнун юридика факультетин бүтүргөн.
Талас, Ош облустарынын мамлекеттик коопсуздук комитетинин башкармалыктарында начальник, мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 1-орун басары (1968–90), Кыргыз Республикасынын юстиция министри, юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (1991–93), Кыргыз Республикасынын Кечирим берүү комиссиясынын төрагасы (1995) болуп иштеген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл Жылдыз ордени м-н сыйланган.
СССР мамл. коопсуздук комитетинин ардактуу кызматкери.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003