Мукамбаев Жээнбай

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Мукамбаев Жээнбай (20.02.1929, Күрмөнтү айылы Түп району, Ысык-Көл облусу — 09.10.1989, Бишкек шаары)- филология илимдеринин кандидаты (1954), профессор, (1989), СССРдин (1968) Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1960). белгилүү диалектолог, лексикограф, жазуучу-жомокчу журналист-публицист.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

1936-ж. Түп районундагы Күрмөнтү орто мектебинин 1-классына кирип, аны 1946-ж. бүтүрөт. 1947-ж. Караколдогу (мурдагы Пржевальск) мугалимдер институтун, 1951-ж. Фрунзедеги пединстигутту бүтүрүп, аспирантурага өтөт. 1952-жылы Жерге-Талга ( Тажикистанга) 3 айга барып иштеп келет андан кийин байланышын үзбөйт. Аспирантураны 1954-ж. аяктап, ошол эле жылы академик К. К. Юдахиндин жетекчилиги менен «Кыргыз тилинин Жерге-Тал говору» деген темада канд. дис. коргойт.1954-1989-ж. КУУда (мурдагы КМУда) Кыргыз филологиясы жана журналистикасы (мурдагы филология) факультетинде окутуучу, улуу окутуучу, доцент жана факультеттин деканы болуп эмгектенет. 1989-ж. сентябрь айынан тартып И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине (мурдагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институгуна) профессор болуп орношот. Ушул окуу жайында жаңыдан иштеп баштаганда дүйнөдөн кайтат.
1992-ж. октябрь айында Түп районунун Күрмөнтү айылындагы Ильич атындагы орто мектепке Жээнбай Мукамбаевдин аты берилет.


Илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Ал К. К Юдахин, Б.М.Юнусалиев, X. Карасаев, 3. Бектенов, Т. К. Ахматов, С. А. Давлетов, С. Турусбеков, Ш. Шүкүралиев, Ю. Яншансин, А. Иманов, Ү. Асаналиев, Ш. Жапаров, Б. Усубалиев, П. Ырысов (Ирисов) сыяктуу дагы башка окумуштуулар менен ырышкер-ынтымакта болгон.
Ж. Мукамбаев замандаштарынын жана кесиптештеринин арасында илимий дагы, педагогдук дагы аброю дагы чоң инсан болгон, окутуучулук кесибин да баштаган күндөн тартып өмүрү өткөнгө чейин туу тутуп, ошону менен бирге илимдин чаалыкпас дыйканы катары эмгек этти. Айрым акылы тайкылар, бирөөлөрдүн өсүп бара жаткандыгын көрө албагандар, чөп башылап эмгек этимиш болуп, кызыл кулактык менен күн көргөндөр учурунда бул филологдун асыл кадамына кыянатчылык менен бут тоскондор да болгон. Мына ошонун кесепетинен окумуштуунун бүткүл өмүрүн арнап жыйнаган «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнүн» 2-3-4- томдору эгемендик дооруна чейин жарык көрбөй келип, 21-кылымдын башында гана жарыяланды.

Ал КУУда (мурдагы КМУда) студенттерге кыргыз тилинин диалектологиясы, лексикасы, фонетикасы жана орфографиясынан лекция окуп, практикалык сабак жүргүзчү. Өткөн сабактарынын илимий жактан терең мазмундуулугу жана жаңычылдыгы менен айырмаланып, студенттерге жагымдуу жана жугумдуу болуучу. Дал ушундай издемчил, талыкпаган жана улам такшалуудагы аракет анын кадырын ар качандан бир качан төмөндөтпөй, көкөлөтүп турган. Ж. Мукамбаев кыргыз филологиясындагы өзүнө гана таандык болгон илимий өзгөчөлүк менен өмүр сүрүп өткөн адам, же болбосо ал, эң ириде, кыргыз диалектологиясынын алпы, сакадай бою сары алтын болгон ыймандуу залкары.

Бул багытта анын «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» (1-томунун эки жолу басылышы-1972,1976)- азырынча теңдеши жок эмгек. Аталган сөздүктүн калган үч тому басмага даярдалган бойдон өздүк архивинде, жубайы Азаматова Мадинанын колунда сакталып турат. Бул эмгек илимпоздун 40 жылдык кажыбаган кайрагынан жаралган. Лексикографиялык жагынан алганда К. К. Юдахин баш болуп түзгөн «Кыргызча-орусча сөздүккө» тете келген чыгарма, түркологияга кошулган зор салым. Мындан башка «Кыргыз тилинин морфемалык сөздүгүн» (1978, А. Осмонкулов менен бирге) да түзүшкөн. Мукамбаев Жээнбай мектеп окуучуларына (айрыкча 2, 3-класс үчүн) «Кыргыз тили», «Эне тили» боюнча, орто окуу жайлары үчүн жана ЖОЖдордун студенттерине арналган окумдар, окумаларды жана усулдалар менен багыттамаларды түзүүдө да зор иштерди аткарган.
Жээнбай агайдын эки жүз элүүгө жакын эмгеги жарык көргөн. Алар багыты, мазмуну, тематикасы боюнча ономастикалык (айрыкча топонимикалык, антропонимикалык), этимологиялык, педагогикалык (көбүнчө элдик педагогиканын өзөктөрүнө ширелген), диалектологиялык болуп бөлүнөт.
Ошондой эле элден жыйнап алып, кайра өзү толуктап чыккан уламыштар (бөтөнчө топонимикалык легендалар) бир топ жана аларды көркөм чыгарма деңгээлине жеткире иштеген.Жээнбай агай КМУУда окутуучу болуп иштеп турганда студенттерди диалектологиялык-фольклордук практикага алып чыга турган жана анда топтолгон материалдарды чыгармачылык менен эмгектерине пайдаланган, б.а. элден алганды кайра элдин өзүнө кийики муундарга тартуулаган. Мындай аракет өтө баамчыл, өзгөчө аракетчил жана өзүнүн бүткүл руханий маданиятын жана аракетин элге арнаган адамдын гана колунан келген.
Ж.Мукамбаев ар дайым элди аралап, чыгармачыл саякатта жана изденүүдө жүргөн, өз кезегинде мунун баары ага элден албан көркөм дөөлөттөрдү чогултушуна өбөлгө түзгөн.
Натыйжада ал калктан өзү чогулткан матариалдарды иреттеп, керек болгон учурда кайрадан иштеп чыгып, «Эл ичи өнөр кенчи» (1982, 1990), «Кыргыз эл табышмактары, жаңылмачтары, калптары» (1981) жана «Менин жомокторум» (1980), «Эне - нур» (1983), «Ак - Булак» (198о) деген китептерди жазат. Мындан анын интеллектуалдык потенциалынын зор экендигин көрөбүз жана тилчилик менен жазуучулук талантынын табигый түрдө айкалышып, мээнеткечтиги” менен терең энциклопедиялык билими анын инсандык касиетин арттырып, окумуштуулук дараметинин асылданышын шарттаган. (Ушул жерде айта турган бир карыз жана парыз сөз, Ж. Мукамбаевдин кыргыз тили менен адабиятына кошкон салымы өзүнчө кеңири изилденүүгө тийиш).

Жээнбай Мукамбаев өзүнө өзү талапты айрыкча кое билгендиктен, ар дайыма өсүштө болгон, ошого жараша жазган эмгектеринде кайталоолор аз кезигет, негизинен чыгармалары бирин экинчиси мазмуну жактан, логикалык жактан ойду кучөтүп турат.Биз сөз кылып жаткан окумуштуунун эң бир асыл пенделик сапаттарынын бири өзүнүн кесиптештерине, окутуучу устаттарына, мурунку муундарга К. К. Юдахинге, Б. М Юнусалиевге, К. Тыныстановго, Е. Д. Поливановго, К. Карасаевге, Ю. Яншансинге, Ж. Шүкүровго, Ш. Шүкүралиевге дагы башкаларга чоң урмат менен мамиле жасаган, алардын филологиялык эмгектерин үйрөнүүгө, изилдөөгө, пропагандалоого бөтөнчө назар салган.

Окумуштуу Р. Эгембердиевдин кандидаттык диссертадиясына жетекчилик кылган. Ошентип, бул окумуштуу жөнүндө кыскача мындай жыйынтык пикир айтууну туура көрөбүз. Ж. Мукамбаевдин баарынан ыйык көргөн үч жери болгон: биринчиси Курмөнгү айылы, экинчи - Памир, үчүнчүсү - КУУ. Бул үч жерге ал ар качандан бир качан күлүп келип, күлүп кетип жургөн. Бул үч аймакты ал ар дайым сүйүп келип, сүйүп кетип жүргөн.


Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Ж.Мукамбаев СССРдин (1968) жана Кыргыз ССРинин (1960) эл агартуу отличниги болгон. Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү министрлигинин жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын бир нече жолу Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жарык көргөн эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Джерге-Тальский говор киргизского языка: канд. дис. автореф. -Фрунзе, 1954. 18 с.;
  • Кыргыз диалектологиясынын очерктери. -Ф.: Кыргызокуу- педмамбас, 1959. -240 б. (авторлошу - Абдулдаев Э.);
  • Биринчи класста «Кыргызтилин» окутуу боюнча методикалык көрсөтмө. Фрунзе: Мектеп, 1965. 120 б. (авторлошу Шүкүралиев Ш);
  • Памирдик-Каратегиндик кыргыздарда: (Тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык жана фольклордук кабарлар). -Фрунзе: Кыргызстан, 1966. 210 6. (авторлошу -Иманалиев К.);
  • Биринчи класс үчүн окуу китебине методикалык көрсөтмө: («Эне тил»). -фрунзе: Мектеп, 1967. -60 б. (авторлошу Шүкүралиев Ш.);
  • Биринчи класс үчүн окуу китебине методикалык көрсөтмө: («Эне тил»), -Фрунзе: Мектеп, 1969. 96 б. (авторлошу - Щүкүралиев Ш.);
  • Кыргыз эл табышмактары, жаңылмачтары, калптары. Фрунзе: Мектеп, 1971.196 б. (авторлошу-Таштемиров. Ж.);
  • Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. - 1-том. -Ш Фрунзе: Илим, 1972. - 712 б.;
  • Азыркы кыргыз тилинин программасы: (Университеттин филология факультеттери үчүн). Түзгөндөр: Ахматов Т.К., Мукамбаев Ж., Иманов А. Фрунзе: КМУ, 1974. -28 б. ;
  • Азыркы кыргыз тили: Методикалык көрсөтмөлөр жана көнүгүүлөр жыйнагы (Жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин сырттан окуган студенттери үчүн). -Фрунзе: Мектеп, 1976. 164 6. (авторлошу-Осмонкулов А.);
  • Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. 1-том.Оңдолуп, толукталып экинчи жолу бас. -фрунзе: Илим 1976. -724 б.;
  • Азыркы кыргыз тилинин программасы:(Жогорку окуу жайларынын филология факультеттери үчүн). Фрунзе КМУ, 1977.32 б. (авторлоштору - Ахматов Т. К., Иманов. А.);
  • Кыргыз тилинин морфемалык сөздүгү. Фрунзе: Мектеп, 1978. -380 б. (авторлошу-Осмонкулов А.);
  • Азыркы кыргыз тили: (Фонетика, лексика). Фрунзе Мектеп, 1978. 176 б. (авгорлошу-Ахматов Т. К.);
  • Менин жомокторум: (Жомоктор, легендалар, уламыштар);
  • Кенже балдар үчүн. Фрунзе: Мектеп, 1980. 167 б.;
  • Эл ичи - өнөр кенчи: (Памир мени эңсетет). Очерктер, илимий-популярдуу публицистикалар. -Фрунзе: Кыргызстан, 1982. 239 6.;
  • Кыргыз тилинин грамматикасы: Педагогикалык окуу жайлары үчүн. 1-бөл. Оңдолуп 2-бас. Фрунзе: Мектеп 1982. 238 6.; * Ак-Булак: Жомокгор, уламыштар: (Мектеп жашындагы кенже балдар үчүн). Фрунзе: Мектеп, 1985. 159 6.;
  • Биринчи класста кыргыз тилин окутуу: (Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо). - 3-бас. Фрунзе: Мектеп, 1984. 70 6. (авторлошу Шүкүралиев Ш.);
  • 2-класста кыргыз тилин окутуу: (Мугалимдер үчүн колдонмо). Фрунзе: Мектеп, 1987. 40 б. (авторлошу- Шүкүралиев III.);
  • 2-класста эне тилин окутуу: (Мугалимдер үчүн колдонмо). Фрунзе: Мектеп, 1987. 55 б. (авторлошу Шүкүралиев Ш );
  • Кыргыз тили: 2-класс (6 жаштан окугандар үчүн окуу китеби). -Фрунзе: Мектеп, 1987. 139 б. (авторлошу- Шүкүралиев Ш. Бул эмгектин 3-бас. 1991-ж. 158 б. көлөмүндө жарык көргөн );
  • Эне тил: 2-класс: (6 жашынан окугандар үчүн окуу китеби) Фрунзе: Мектеп, 1987. -136 б. (авторлошу Шүкүралиев Ш. Бул эмгектин 2-бас. 1989-ж. жарык көргөн);
  • 2-класста эне тилин окутуу: (Мугалимдер үчүн колдонмо). Фрунзе: Мектеп, 1987. -56 б, (авторлошу- Шүкүралиев III.);
  • 3-класстын «Кыргыз тили» окуу китеби боюнча мето- дикалык колдонмо: (Мугалимдер үчүн). -Фрунзе: Мектеп, 1988. -70 б.
  • Азыркы кыргыз тилинин программасы: (Университеттин журналистика адистиги үчүн). Фрунзе: КМУ, 1989. 12 6. (авторлоштору-Ахматов Т. К., Асаналиев Ү., Сапарбаев Л.);
  • Кыргыз тили: 3-класс (6 жашынан окугандар үчүн окуу китеби). -2-бас. -Фрунзе: Мектеп, 1990. -165 6. (ав- горлошу-Маразыкова 3.);
  • Кыргыз тили: (1-класс үчүн окуу китеби) 19-бас. Фрунзе: Мектеп, 1990. 101 б. (авторлошу Шүкүралиев III. Эмгектин 1-бас. 1962-ж. 102 б. көлөмүндө жарык көргөн);
  • Эне тил: (1 класс үчүн окуу китеби). 19-бас. Фрунзе: Мектеп, 1990. -159 б. (авторлонггору-Шүкүралиев Ш., Бай- бураев Т. Бул эмгектин 1-бас. 1963-ж. жарык көргөн);
  • Эл ичи өнөр кенчи: (Публицистикалык очерктер. Элдик оозеки чыгармалар жөнүндө). Фрунзе: Адабият. 1990.222б.

Түзгөн жыйнактары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ашыктык ырлары (Калк казынасынан). Фрунзе Кыргызстан, 1988. -192 б. (Токомбаева Анара менен бирге түзүшкөн).

Редакцияланган эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Өмүралиева С. Кыргыз гилинин сөз маанилеринин айрым маселелери: (Окуу методикалык курал). Фрунзе, КМУ, 1986. -52 б.;
  • Биялиев А. Кыргыз диалектологиясы боюнча практика өткөрүүнүн программасы жана методикалык көрсөтмө 2-курстун студенттери үчүн). Фрунзе: КМУ , 1988. 12 б. Ж. Мукамбаевдин жетекчилиги менен жакталган кандидаттык диссертация: Эгембердиев Р. Фразеологизмы в эпосе «Манас». Фрунзе, 1980;
  • Ж. Мукамбаевдин кандидаттык диссертацияларга оппонеттик кылышы: Жапаров Ш. Лексические особенности ляйлякского говора киргизского языка. -Ф., 1969.
  • Биялиев А. Киргизские народные термины промысловой охоты: Ф., 1972.Өмүр жолу, чыгармачылыгы, эмгектери жөнүндө айрым маалыматтар.
  • Эшимов М. Окуучу жана китеп//Мугалимдер газетасы 1965 —14 август.
  • Ж. Мукамбаев, Ш. Шүкүралиев, Байбураевдин «Эне тили: 1-класс үчүн» (3-бас.) деген эмгегижөнүндө;
  • Мамыров Ж. Тажикистандык кыргыздарга арналгаи китеп // Кыргызстан маданияты, 07.02.1968;
  • Ж. Мукамбаев, К. Иманалиевдин «Памирдик-каратегиндик кыргыздарда»(1966) деген эмгеги жөнүндө;
  • Шатманов Салибай. Бийиктиктер бүтпөйт (очерк)//Мугалимдер газетасы, 02.04.1969;
  • Мукамбаев Ж. Сезимде эскирбес жылдар//Ленинчил жаш, 16.12.1971. Өзү, студенттик күндөрү жөнүндө эскерет;
  • Ахматов Т. Диалектологиялык жаңы эмгек//Кыргызстан маданияты. -20.07.1972;
  • Ж. Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» (Фрунзе, Илим, 1972, 1-том) деген китебине пикир;
  • Киргизские диалекты: (К выпуску первого тома «Диалектического словаря»)//Дружба народов. 1972, -№8. -С. 28.;
  • Мамытов У. Элдик чыгармалардын жыйнагы//Кыргызстан маданияты. 1972. -22.06.;
  • Ж. Мукамбаев менен Ж. Таштемировдун «Кыргыз эл табышмактары, жаңылмачтары, калптары» (1971) деген эмгегине пикир;
  • Илимий эмгектердин идеялык-теориялык деңгээли жогору болсун: 1972-ж. «Илим» басмасынан чыккан Ж. Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» деген эмгегине окумуштуулардын талкуусу/ / Советтик Кыргызстан, 19.06.1973;
  • Илимий эмгектердин идеялык-теориялык деңгээли жогору болсун: 1972-ж. «Илим» басмасынан чыккан Ж. Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» (1972) аттуу эмгегине талкуулоо// Мугалимдер газетасы, Ж. Мукамбаев.
  • «Советтик Кыргызстан» газетасынын редакциясына: «Кыргыз тилинин диалекгологиялык сөздүгүнүн» (1972) авторунун өтүнүү каты//Мугалимдер газетасы, 01.08.1973. (Ушул эле макала 1973-ж. 31-июнда «Советтик Кыргызстан» газетасына да басылган);
  • Өмүрбаев С. Сөз дыйканы (очерк): (Доцент Ж. Мукамбаев жөнүндө)//Мугалимдер газегасы, 24.02.1973;
  • Шатманов Салибай. Бийиктиктер бүтпөйт//'Адамдын жарыгы адамга тиет. Фрунзе, 1973. 51 58-6.;
  • Мукамбаев Ж. Көкүрөктөгү өмүр//Мугалимдер газетасы, 15.11.1974. -Өзү, студенттик курагы жөнүндө;
  • Мукамбаев Ж. Универсигет учургануям// Ленинчил жаш, 24.02.1977. -Автор өзү жана КМУ тууралуу;
  • Усубалиев Б. Булак: (Очерк). (КМУнун доценти Ж. Мукамбаев тууралуу)//Ленинчил жаш, 27.02.1979;
  • Асаналиев Ү. Пайдалуу окуу куралы / / Мугалимдер газетасы, 30.07.1980. Т. К. Ахматов, Ж. Мукамбаевдин «Азыркы кыргыз тили» (1978) деген эмгеги жөнүндө;
  • Алтыкеев Ж. «Кыргыз тилинин морфемалык сөздүгү»//Кыргызстан маданияты, 24.09.1981. -Ж. Мукамбаев, А. Осмонкуловдун «Кыргыз тилинин морфемалык сөздүгү» (1978) деген эмгеги жөнүндө;
  • Алымбеков А. Эл казынасы жөнүндө эм* гек//Кыргызстан пионери, 06.05.1983. -Ж. Мукамбаевдин «Эл ичи өнөр кенчи»: Памир мени эңсетет. Очерктер, илимий-популярдуу публицистикалар» (1982) деген эмгеги жөнүндө;
  • Айыпказиев А. Жомоктор балдар дүйнөсүнүн мөлтүр булагы//Мугалимдер газетасы, 09.04.1986. -Ж. Мукамбаевдин «Ак булак: жомоктор, уламыштар» (1985) деген китеби жөнүндө;
  • Жалилов А., Акматов К. Элдик кенчти кастарлаган адам://Кыргыз тилин изилдөөчү, окумуштуу Ж. Мукамбаев//Мугалимдер газетасы, 07.06.1989.Жалилов А., Акматов К. «Ак булактын» агымы//Мугалимдер газетасы, 17.06.1987;
  • Ж. Мукамбаевдин «Ак булак» (Фрунзе, Мектен, 1985) деген китебине пикир.Жапаров Ш. Карапайым кадырман адам: (КМУнун доценти Ж. Мукамбаев 60 жашта)//Советтик Кыргызстан.25.05.1989;
  • Иманов А., Усубалиев Б Жок издеген адам: (КМУ нун доценти Ж. Мукамбаев)//Кыргызстан маданияты,16.03.1989.

Курбанов А. Элеси эсте сакталат//Ленинчил жаш,24.10.1989;

  • Мукамбаев Жээмбай (1929-1989): Некролог//Мугалимдер газетасы, 13.10.1989;
  • Усубалиев Б. Кайран агай!...//Ленинчил жаш24.10.1989;
  • Үкүбаев А. Кара кылды как жарган...: (Ж. Мукамбаев жөнүндө)//Советтик Кыргызстан, 14.11.1989;
  • Маанаева Д. Ачыла элек сандык бар...: (Ж. Мукамбаевди эскерүү)//Мугалимдер газетасы, 02.03.1.990;
  • Токторов М. Алтын сандык//Советтик Кыргызстан06.10.1990. (Ж. Мукамбаевдин бүтпөй калган диалектологиялык сөздүктөрүн басып чыгаруу жөнүндө маселе коет);
  • Тентимишев М. Эне тилдин өгөй балдары же «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү» эмне үчүн жарыкка чыкпады?//Эркин Тоо, 14.12.1991;
  • Өмүралиева С. Адам жолу түгөнөт, адам жолу уланат //Асаба. 27.02,1992;
  • Сөйкөдөй болгон сөз үчүн сөздүккө чейин айланган //Эркин Тоо, 18.09.1992;
  • Усубалиев Б. Нени издедим ботоюм!...//Кыргыз Руху. -20.01 .(башы) 5.02. (уландысы) 1992.