Муканна көтөрүлүшү

Википедия дан

МУКАННА КӨТӨРҮЛҮШҮ – 776–783-жылы Орто Азияда араб бийлигине жана жергиликтүү феодалдарга каршы чыккан элдик көтөрүлүш. Жетекчиси Хашим ибн-Хаким, ылакап аты Муканна (арабча – чүмбөттүү). Аны айрымдары кир жуугуч десе, башкасы кийиз баскыч деп жазат. Муканна элди Аббасилерге (Араб халифтиги) каршы көтөрүлүшкө чакырган. Аны камакка алышып, Багдад түрмөсүндө отургузушкан, бирок андан качып чыгып, Орто Азияга кайтып келген. Мервде Аббасилерге нааразы болгондорду топтойт, аны жактагандардын саны өскөн. Тарыхчы Наршахинин маалыматы боюнча Согдуда да көптөгөн айыл-кыштактардын калкы исламды таштап, Муканнанын окуусуна өтөт. Муканна «кудайдын атынан сүйлөп жатам, мага бардыгыңар баш ийишиңер керек» деп жарыялаган. Өзүн колдогондорго аларды бейишке чыгарууну убада кылган, каршы болгондорду тозокко салам деп коркуткан. Акырындык менен көтөрүлүшчүлөр Бухара аймагынын айрым жерлерин ээлешген. Бухаранын жанындагы Наршах кыштагы көтөрүлүштүн борборуна айланган. Айыл башкаруучусу да Муканна тарапка өткөн. 776-жылы бул жерде алгачкы жолу Араб халифтигинин аскерлери менен кагылышуу болуп, көтөрүлүшчүлөр 700гө жакын адамынан ажырап, жеңилип калышат. Халифтиктин аскер башчысы көтөрүлүш-чүлөрдүн жол башчылары менен көтөрүлүштү токтотуу жөнүндө сүйлөшүүгө аракет кылат, бирок ошол эле жылы Наршахта кайрадан көтөрүлүш чыгат. Өкмөт аскерлери Наршахты төрт ай бою камалашкан. Көтөрүлүш-чүлөр өз эрки менен багынбай тургандыгына көзү жеткенден кийин камалоочулар башкы дубал мунараларынын биринин астын билгизбей казып кулатышкан. Көтөрүлүшчүлөр аскерлердин кысымына туруштук бере алган эмес. Наршах башкаруучусу жана көтөрүлүш-түн жол башчылары өлтүрүлгөн. Тирүү калгандары Муканнага качып барышкан. Бул кезде Муканна көтөрүлүштүн негизги борборунун бири болуп калган Кашкадарыя өрөөнүндө эле. Көтөрүлүштүн башталышында айрым жергиликтүү феодалдар да Муканнаны колдогон. Бирок алар Наршахтагы жеңилүүдөн кийин өкмөт аскери тарапка өтүп кетишкен. Эмир көп сандаган аскер чогулткан. Анын жарымын букаралык дыйкандар кошууну түзөт. Аларга 3 миңден ашык кол өнөрчүлөр курал-жарак, таш ыргытуучу машиналарды жасоо менен кызмат көрсөткөн. 778-жылы Самаркан алынганда, көтөрүлүштүн борбору Санамга көчкөн. Халифтиктин аскерлери бул шаарды 4 жыл камоого алган. Көтөрүлүшчүлөр тышкы дүйнө менен байланышы үзүлгөн шаарды туруктуулук менен коргошкон. Көтөрүлүшчүлөр жеңилип, 783-жылы шаар кулаган. Муканна өз жанын өзү кыйган. Бирок, Муканнанын жактоочулары көпкө чейин элди Аббасилердин үстөмдүгүнө каршы күрөшкө чакырып турушкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.