Мукашева Кайыр

Википедия дан

Мукашева Кайыр (1.05.1938-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кызыл-Туу кыштагы) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1962-жылдан Тоң районундагы «Алтын-Булак» асыл тукум кой өстүрүү совхозунун баш чабаны. Ал 1965-жылы оторундагы ар жүз тубар койдон 128ден козу, ар койдон 4,7 кгдан жүн кыркып алган. 1967–80-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]