Мукун Асейинов

Википедия дан

Асейинов Мукун (5. 6. 1941-ж. т., Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскон айылы) - мамлекетти жана саясий ишмер, Москва кооперация институтун (1965), СССР эл чарба академиясын (1985) бүткөн. Эмгек жолун Каракол шаардык соода тармагында бухгалтер болуп иштеп баштап, 1961-70-ж. Каракол, Фрунзе шаардык комсомол комитеттеринде 1-секретарь, 1979-ж. Кыргызстан КП БКнын финансы бөлүмүнүн инструктору, 1972-74-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу, 1975-76-ж. Кыргызстан КП БКнын уюштуруу-партиялык иштер бөлүмүнүн инспектору. 1977-79-ж. Талас облусунун Киров райондук Эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1980-ж. Талас облусу Эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары, 1981-85-ж. Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун төрагасы-35-94 нын орун басары, 1985-ж. партиянын Тянь-Шань райондук комитетинин 1-катчысы, 1986-ж. Кыргызстан Министрлер Советинин орунбасары, 1987-91-ж. 1-орунбасары, 1991-96-ж. Чүй облустук мамлекеттик администрациянын башчысынын 1-орунбасары, 1996-2002-ж. КРнын Ирандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. 1986-91-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1