Мукурлар

Википедия дан
кадимки калтырак (Fringilla coelebs).

Мукурлар (лат. Fringillidae) — сайрагыч таранчылар түркүмүндөгү куштар тукуму. Көбүнчө кызыл же сары майда чымчыктар. Эркеги кооз, жүнү ачык түстө. Узундугу 10–20 см. Азыктанышына жараша мукурлардын тумшуктары ар башка түзүлүштө. Алар үч тукумга бөлүнөт. 33 уруусу, 133 түрү бар. Кыргызстанда 20дай түрү кездешет. Көпчүлүгү токой же калың бадал арасында, кээси чөлдө, айрымдары кишинин турак жайына жакын жашайт. Мукурлар бийик аскалуу тоого, ачык жерге, бадал түбүнө, даракка уялап, 4–6 чаар жумуртка тууп, ургаачысы 10–14 сутка басат. Көпчүлүгү жылына 1, кээси (мукур, жашыл балта тумшук, чыкылдак, кендирчи жана башкалар) 2 жолу жумурткалайт. Уялоо мезгили бүткөндөн кийин топтошуп тиричилик өткөзөт. Көбүнчө өсүмдүк уругун, данын, жемишин жейт. Мукурлардын ичинен айыл чарбага (балта тумшук жана башкалар), токойго (кайчы тумшук, чор тумшук чымчыктар жана башкалар) зыян, о. эле отоо чөптөрдү жана зыяндуу курт-кумурсканы жеп пайда келтирүүчүлөрү бар. 3 түрү, 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]