Таранчы сымалдар

Википедия дан
Pardalotus striatus.

Таранчы сымалдар (лат. Passeriformes, L. 1758) – куштардын чоң түркүмү. Сырткы түзүлүшү, жашоо шарттары жана азыктануусу, (азыгын табуу жолу боюнча) бир топ айырмаланышат. Көбүнчө майда жана орточо чоңдуктагы канаттуулар. Көпчүлүгүнүн эркеги ургаачысынан чоңураак болот. Түсү боюнча жыныс диморфизми ачык байкалат. Даракта, бадалда тиричилигин өткөрүүгө ыңгайланган. Кайсы бири жер үстүнө же болбосо аска-зоодо жашоого экинчи ирет өткөн деген божомол бар. Кээ бирлери азыгын суудан табат. 5 миңден ашык түрлөрү, 4 түркүмчөсү бар: мүйүз тумшуктар, тирандар, жөнөкөй жана сайроочу Т. кеңири таралган космополиттер (Антарктидада жана кээ бир океандык аралдарда гана жок). Тропик токойлордо өзгөчө өтө көп санда болушат. КМШда 300гө жакын түрү уялайт. Кадимки сайроочу чымчыктардын эң эле негизги тукумдары: чабалекейлер (Hirundinidae), чымынчылар (Murcicapidae), борбаштар (Laniidae), кузгун-каргалар (Corvidae) – кузгун, карга, сагызган, үрпөк таандар, кызыл тумшук, көк моюн таан, чөкө таан жана башка, кашка чымчыктар (Laniidae), жылкычы чымчыктар (Motacilidae), торгойлор (alandida). Бардыгы моногамдар. Жумурткасын ургаачысы жана эркеги басып чыгарышат жана балапандарын багышат.

Т-га чебердик, кылдаттык менен курган уялар мүнөздүү, бул жагынан кээ бир түрлөр өзгөчө (мисалы, куркулдайлар, турумтайлар, өрмөкчүлдөр жана башка) уясын курган жерлер ар түрдүү. Көп түрү уясын жерге, башкалары ийинде, таштын үстүнө жана аска жаракаларында уялашат, көбү дарак бутагына жана көңдөйүнө, имараттарга (мисалы, чабалекейлер) уялашат.

Т-дын жумурткалары анча чоң эмес, дайыма ала-була, кызыл-тазыл, бирок кээ бир көңдөйлөргө уялаган түрлөрдүн жумурткасы бир түстө болот. Көбү 4–6, ал эми кашка чымчыктардын кээ бир түрлөрү - 15–16га чейин жумуртка тууйт. Көпчүлүк түрлөрү бир жылда эки жолу тууйт. Чанда бир жерге үч жолу уялайт.

Т. адатта бардык жумурткаларын туугандан кийин баса баштайт. Көбүнүн жумуртка басуу узактыгы 11–14 күн, бирок кузгун 19–20 күн басат. Балапандары тез чоңоёт. Жерге уялаган түрлөрдүн балапандары 10–11 күндөн кийин уясын таштайт. Ал эми көңдөйдө жана ийинде уялоочулардын балапандары кечирээк учуп чыгат.

Т. ар түрдүү азыктанат. Айрымдары (карга-кузгун, чаар карга, таан, сагызган жана башка) тандабай азыктанышат, башкалары өсүмдүк менен азыктанат да, балапандарына гана курт-кумурскаларды берет. Көпчүлүгү курт-кумурска жечүлөр, ошондуктан – пайдалуу канаттуулар. Көпчүлүгү отурукташкан, көбү келгин куштар болуп саналат.

ЖКЭСтин Кызыл китебине (84 түрү жана 66 түрлөрү), Кыргызстандын Кызыл Китебине 1 түрү – узун куйрук чымынчы – катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]