Чабалекейлер

Википедия дан
Cecropis daurica.

Чабалекейлер (лат. Hirundinidae) - куштардын сайроочу таранчы сымалдар тукуму.

Уз. 1012 см. Канаттары узун, учтуу келип, узак убакытка тез учуп жүрүүгө ынгайлашкан Чабалекейлер курткумурска, ошондой эле чымын-чиркей (абада учуп жүрүп) менен айрым бир түрү арча ашы менен азыктанышат. Буттары кыска жерде дээрлик басып жүрө алышпайт, уя салууга материал чогултуу үчүн гана жерге конот. Суунун үстүнө чукул учуп жүрүп суу ичишет. Арктика менен Антарктикадан башка жерлерде кеңири тараган. Алардын 20 уруусу, 79 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө уялоочу 7 түрү (шаар чабалекейи, кыштак чабалекейи, жээк чабалекейи ж. б.) жана 2 келгин (Түндүк Америкада) түрү кездешет. Уясы жарым шар түрүндө, шилекейи менен аралаштырылган баткак тоголокчолорунан курулат да, аларды аска же имараттардын, үй беттерине жабыштырып салышат, кээ бир Чабалекейлер көңдөйлөрдө же ийиндерде уялашат. 3-7 жумуртка тууйт, эркек ургаачысы кезектешип басат. 2 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4