Мултан

Википедия дан
Мултан.

МултанПакистандагы шаар. Пенжабда, Чинаб дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,6 млн (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаарлардын бири. Маанилүү жолдор тоому. Пахтачылык өнүккөн аймактагы соода борбору. Пахта тазалоо, кебез-кездеме, кыл торко токуу, текстиль, Химиялык(жер семирткичтер даярдалат), айнек, тамак-аш өнөр жайы ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк (сариге кооздоп сайма саюу, килем токуу, кебез-кездемелерге шуру бастыруу жана башкалар) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]