Мультиказан

Википедия дан

Мультиказан (лат. multum — көп, «мульти» + казан) — Тамак-аштарды даярдоонун ар кандай түрлөрүн, автоматтык түрдө аткаруучу электрказан.

Мультиказан капкагы бар корпустан жана жылытуу элементиндеги корпуска бекитилген контейнерден турат. Тефлон же керамикалык жабышпаган жабуусу бар казан. Көлөмү 5 литр (стандарттык) же андан азыраак болот. Казан, тамакты ысытууга жана көп убакытка чейин ысык бойдон сактап турууга да багытталган. Башкача айтканда, көмөч казан, буу казан жана мештин кызматын аткарат [1].

Иштөө принциби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул казанда тамакты даярдоого бир же бир нече этаптан турган программа аркылуу тийиштүү температура, басым жана мөөнөт берилет. Тамак жасоодо ортодон дагы кошумча азык кошууга туура келсе, анда мөөнөтүн белгилеп андан соң буйрутма коюлат, ошол маалда казан ишин токтотуп, белги берип турат. Кошо турган азыктарыңызды кошуп, тамакты аралаштырып, андан соң тамак даярдоону уланта берет.

Кам көрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казандын ичиндеги тамак бышуучу идиши күйгүзбөөчү катмар менен капталган. Андыктан анын ичин тазалоодо катмарына зыян келтирбөөчү каражаттарды колдонуу зарыл. Айрыкча кислота жана идиш жуучу зымы бар щёткаларды пайдаланууга болбойт. Капкагындагы буу чыгаруучу тешиктери буу менен кошо чыккан заттар топтолуп отуруп бүтөлүп калат. Өз убагында тазалап турууну талап кылынат.

Режимдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мультиказандын жөнөкөйлөрүндө тамак даярдоо үчүн 4-5 программа бар болсо, жакшыларында 20дан ашат. Казандын түрүнө жараша 50дөн ашык режими бар.Алардын негизгилери төмөндө көрсөтүлгөн: Кайнатуу. Бул режимде шорпо, ботко сыяктуу тамактарды жасаганга болот. Макарон бышыруу. Мында макарон, пельмен, вареник, хинкал жана башка кайнак сууга бышырылуучу тамактардын баарын бышырууга болот[2].

Демдөө - Этти же жашылча- жемиштерди демдөөгө ылайыкталган режим. Кактап бышыруу. Сууну аз талап кылган азык-түлүктөр бышырылат. Күрү/гречка. Аталган режим күрүч, гречка, буурчак, фасоль өңдүү даярдоодо сууну көп талап кылуучу ири дан эгиндерин бышырууга ылайыкталган. Палоо. «Күрүч» жана «кактап бышыруу» режимдери бирге иштейт. Алгач жогорку температурадагы «кайноо» режими ишке киришет да, аягында 5-10 мүнөт «кактап, кууруп бышыруу» режими пайдаланылат.

Кошумча режимдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бууга бышыруу. Бул режимде айрым тамактарды даярдоого ылайыкталган торчо колдонулат. Ал идиштин ичине орнотулуп, котлет, жашылча-жемиштерди, эт, балык, жумуртканы бууга бышырууга багытталган.
  • Жылуу кармап туруу. Даяр болгон тамакты бир нече саатка чейин ысык бойдон сактап турат.

(Эсскертүү!Көпкө ысык кармап турууда эзилип кетпей турган азыктарды гана бул режимде узак убакытка кармап турууга болот.)

  • Жылытуу. Муздап калган азык-түлүктү жылытуу үчүн 50-60 градустук температурадан ашпашы керек.
  • Узак мөөнөттүү даярдоо. Бул режимде керектүү азык-түлүктөрдү бир убакта салып койсоңуз, сиз каалаган учурда тамак даяр болуп калат[3].

Коопсуздук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мультиказанды суусу бар идиштердин үстүнө, жанына коюуга болбойт.
  • Түбүнөн тартып капкагына чейин ысыткычтар бар болгондуктан, анын тегерегине башка буюмдарды 15 сантиметрден жакын жолотпош керек.
  • Буу чыгуучу тешигинин бүтөлүп калуусуна жол бербеңиз. Жарылууга алып келет.
  • Өтө чоң көлөмдөгү азык-түлүктөрдү, фольгадан жасалган металл пакеттерди же идиштерди салса аппарат күйүп кетет.
  • Көбүгү ашып-ташый турган азык-түлүктү бышырууга болбойт[4].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 2018 год: американцы сходят с ума по мультиваркам. Как это вышло? (20220702150200). // Секрет фирмы. 4 сентября 2018.
  2. Режимы работы мультиварки (20230504232931). // Журнал «Выборовед», Татьяна Белевич. — 28 апреля 2023.
  3. Мультиказанды колдонуу эрежелери Moulinex Simply Cook MK611832. — С. 11—24, 27. — 113 с.
  4. Как работает мультиварка. Режимы Рис и Плов (20220719232931). // Канал «Техно суть» на YouTube. — 28 октября 2015.