Мультипликациялык киносу

Википедия дан

Мультипликациялык киносу - ки­но өнөрүнүн бир түрү; мында кино үчүн тартылган сүрөттөрдү (графикалык мультипликация) же атайын жасалган куурчактардын ырааттуу кыймылын киного тартуу менен (көлөмдүү мультипликация) чыгарма түзүлөт.

  • Графикалык мультипликация чындыкты элестетүүнүн өзгөчө шарттуу формасы болуу менен, фантазиялуу окуяны жана болмушу өз алдынча таасирдүү элес түрүндө көрсөтө алат. Көлөмдүү мультипликация окуяны көргөзүүдө графикалык мультипликациядан чабалдык кылганы м-н кейипкерлердин мүнөздорүн курч сүрөттөйт. М. к-на корнем каражаттары шарттуу жана өтө курч фольклор, са­тира, притча өзгөчө жакын.
  • Мультипликациялык киносунун сүрөттөрү жана киного жазыла турган сөздөр мультипликация станогу менен тартылат. Ал станоктун эң жөнөкөй түрү вертикаль станинадан жана кыймылдуу столдон турат. Киного тартуучу аппарат вертикаль станинада өйдө-ылдый жылып турат. Кадрдын тунук материалга тартылган графи­калык сүрөттөрү стол үстүнө бир нече катар коюлат да, айнек пластинка менен бастырылып, үстүнөн же астынан жарык жиберилет. Стол торт таран­ка жылып турат. Автоматташтырылган станоктун конструкциясы да ушундай, бирок анда бардык кыймыл электр кыймылга келтиргичи менен башкарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.