Мунайды буулантып ажыратуу

Википедия дан

Мунайды буулантып ажыратуу ― мунай азыктарын же компоненттерин алуу үчүн нефтинн бууландырып, кайноо температуралары боюнча фракцияларга (курамдык белүктөргө) ажыратуу процесси. Азыктары катары: суюлтулган көмүр кычкыл газы, жеңил жана оор бензин, керосин, газойль, мазут, вакуум-дистиллят, гудрон алынат.

Бөлүнүп алынган фракция углеводороддордун аралашмаларынан турат. Аны бир нече жолу кайталап бууландыруудан жеке углеводороддорду өзүнчө болуп алууга болот. Нефтини буулантып ажыратуу түрдүү шарттарда, түрдүү установкаларда ректификациялуу жана ректификациясыз. атмосфера басымда, вакуумда жана фракцнялык методдор менен жүргүзүлөт. Өнөр жайда ал адегенде атмосфера басымында, андан кийин вакуумда жүргүзүлөт. Атмосферара басымында бөлүүдо нефть 370°С- ден ашык ысытылбайт. Себебн андан жог. температурада углеводороддордун өз ара байланыштары ажырап, чекснз углеводороддор пайда болот. Чекснз углеводороддор продуктулардын сапатын жана көлөмүн төмөндөтөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.