Мураталиев Бегакмат Данапияевич

Википедия дан

Мураталиев Бегакмат Данапияевич (1925, Суусамыр өрөөнү -1984, Кожомкул айылы) - эмгектин жана согуштун ардагери.

  • Эмгек жолун 15 жашынан баштап, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Таш-Көмүр шахтасында жумушчу болуп иштеп, оорукта кызмат өтөгөн.
  • 1945-ж. Сталин районунун (азыркы Москва) «Россия» колхозунда чабан, 1960-ж.
  • ферма башчысы, 1967-ж. Москва, Аламүдүн райондук керек-жарак коомдорунда даярдоочу болуп иштеген.
  • Ал ар жүз тубар койдон 190дон төл алган.
  • Бул эмгеги үчүн 1954-ж. Ленин орденине татыктуу болгон.
  • «Кооперациянын отличниги» наамынын ээси.
  • Ошондой эле бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • 1995-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку Советине Суусамырдан эң алгачкы депутат болуп шайланган.
  • Чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9