Мураталы уулу Үсөналы

Википедия дан

Мураталы уулу Үсөналы (1904, Суусамыр өрөөнү, Ак-Мойнок кыштоосу - 1930, Базар-Коргон району) - алгачкы агартуучулардан.

  • Суусамыр өрөөнүндө жашаган ногой молдодон окуп кат-сабатсыздыгын жойгон.
  • Кийин Пишпектеги жана Ташкен шаарындагы мугалимдер окуу жайында билимин өркүндөткөн.
  • 1923-24-жылдары Суусамырда Кара-Суу (азыркы Кожомкул) кыштагында жаштардын сабатсыздыгын жоюу максатында айылдагы балдарды чогултуп, жер төлөдө окуткан.
  • Бул кишиден билим алган биринчи окуучулары - Байтурсунов Насыр (Даңк орденинин толук кавалери), Зайнидинов Мансур (Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси), Данияров Жусупакмат (согуштун майыбы), Чөкөнов Жакып, Аргымбай кызы Турду.
  • 1926-ж. Жумгалда Республикага белгилүү мугалим Карынбаев менен бирге иштеп, балдарга билим-тарбия беришкен.
  • 1927-29-жылдары Токмок шаарында мектептин директору, 1930-ж. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Эл агартуу комиссариатында иштеген.
  • Ошол кезде түштүк жергесинде басмачылар Совет бийлигине каршы айыгышкан тоскоолдуктарды уюштуруп турган мезгил эле.
  • Басмачылар аны түн ичинде колго түшүрүп, тоо тарапка алып кетип, атып өлтүрүшкөн.
  • Ал кишинин сөөгү кай жерде коюлганы белгисиз бойдон калган.
  • Аны билгендер жана окуучулары «билимдүү, келечекти көрө билген инсан эле» - деп эскеришет.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9