Муратова Касиет

Википедия дан

Муратова Касиет куракчы жана саймачы. 1913-ж. Баткен районундагы Рават айылында төрөлгөн. Касиет балыш,жаздыкты “илме дос” саймасы аркылуу сайып, ага куракчылыкты эриш-аркак пайдаланат. Узга тигүү машинасына караганда ийне менен кездемелерди кыюсу жеңилдей,нарктуулдай туюлат. Ал буюм кечелеринин жердигине ак сурп мене ийласты тандайт. Мындан сырткары кочкул кызыл,ачык кызыл ыйластан “колтук”, “маңгыз жана “көз” салат. Бул элдик куракчылыктын көчөттөрүнөн сырткары Касиеттин “кунаба курагы” (“тажатма курагы”), “айырма курагы”, “бөрү көз курагы”, “турна курагы”, “тогуз дөбөлө көчөтү”, “допу дөбөлө көчөтү”, “жылдызча көчөтү” кошумча кооздук катары түшөт. Мында төрт табакча бир үйдү түзөт да, майда курактар жээк көчөту катары милдет аткарат. Катышкан көргөзмөлөрү,кароо-сынактары жана алган сыйлыктары
1982-ж.СССРдин 60 жылдыгына карата “көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык 1 кароо сынагы”.Сайма, курак буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министирлер Советинин Ардак грамотасы;
1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата “элдик чеберлердин көркөм уюмдарынын республикалык 11 кароо сынагы”, курак балыштары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР министирлер советинин грамотасы.