Мурзалиев Шергазы

Википедия дан

Мурзалиев Шергазы 1901-жылы азыркы Сузак районунун Кара-Булак айылында туулган.

  • 1917-жылы бийлике Болыпевиктик Кеңеш өкмөтү келгенден кийин 1918-жылдан баштап, элдин сабатсыздыгын жоюу үчүн уюштурулган ликбезден алгач өзү билим алып, Жалал-Абад шаарындагы Педагогикалык курсту аяктап, андан кийинки жылдары элдин сабатсыздыгын жоюуга активтүү катышып, мугалим болуп эмгектенген.
  • 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, СССР Өкмөтүнүн токтому менен, мугалим болгонуна байланыштуу, бронь берилип согушка барбай калат.
  • Бирок 1942-жылдын 10-январь күнү, өз ыктыяры менен Жалал-Абад шаардык Аскер бөлүктөн согушка аттанат.
  • 638 - Воронеж аткычтар полкуна түшүп, кан күйгөн уруштарга катышып, Европаны басып өтүп, Германияга чейин барган.
  • 1945-жылдагы жеңиш күнүнө чейин кызмат кылып, жылдын аягында айылына кайтат.
  • Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн, “Кызыл-Жылдыз”, “Каармандыгы үчүн” ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
  • Согуштан келгенден кийин, Ленин, Сузак райондорунда бир канча жылдар мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
  • 1986-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3