Мусаев Тыныч

Википедия дан

Мусаев Тыныч 1940-жылы 3-майда азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • Айылдагы 4 жылдык башталгыч мектепти бүткөндөн кийин, коңшу Калмак-Кырчын айылындагы 7 жылдык мектептен окуйт.
  • 1956-жылдан Красный Октябрь колхозунда механизатор болуп эмгек жолун баштаган.
  • 1960-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,
  • 1963-жылы кайтып келгенден кийин, ДОСААФтан шоферлук курстан окуп,
  • 1992-жылга чейин, Дружба совхозунда шофер болуп эмгектенип келген.
  • Бир нече жолу Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болуп, үзүрлүү эмгегинин натыйжасында 1979-жылы Эмгек ардагери наамын алган.
  • Областтык мелдештерде алдыңкы орунду алгандыгы үчүн,
  • 1982-жылы Жигули-06 маркасындагы автомашинасы менен сыйланган.
  • 1992-жылдан баштап Көк-Арт айылында арендага жер алып,
  • 2 гектар жер аянтына алма бак отургузуп, азыркы күнгө чейин дыйканчылык менен алектенет.
  • Жаштайынан коомдук иштерге активдүү катышып,
  • 2012-жылдан Көк-Арт элинен Эл башы деген наамды алып, ошол элдин ар кандай мааракелерин башкарып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3