Мускардина

Википедия дан

Мускардина - тыт жана эмен жибек курттарынын Deuteromycetes классына кирген козу карындар тобу чакырган инфекциялык илдети. Илдетке чалдыккан курттар тамактанбай жана кыймылсыз , сенек абалга келет. Алардын денеси боз-күңүрт түскө ээ болуп, дем алуу органдарынын айланасында кара тактар пайда болот. 6-12 суткадан соң өлүмгө дуушар болушат. Илдетти алдын алуу үчүн колдонулуучу чаралар: имараттын ичинде оптималдуу микроклиматты сактап туруу (нымдуулук 60% тен ашпашы керек); желдетүү; ооруга чалдыккан курттарды өрттөө).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]