Мутазилиттер

Википедия дан

Мутазилиттер (ар. му’тазила – өзгөчөлөгөндөр) – 8-кылымда ислам дининдеги доктрина менен философиялык идеялардын байланышынан пайда болгон теологиялык-философиялык проблемаларды чечүүнү көздөгөн таасирдүү багыт. Мутазилиттердин окуу адам менен кудайдын өз ара катышын түшүндүрүүдө байыркы грек логикасынын жана филсофиясынын методдорун колдонгон, маанилүү жобосу, кудайдын жалгыздыгын жана адилеттүүлүгүн жактоо болгон. Мутазилиттер мусулмандык укук (фикх) менен катар теология (калам) өзүнчө илим экенин негиздешти. Бул агымдын теоретиги ирактык Васил ибн-Атанын (699–748) далилдөөсүндө кудайдын жалгыздыгын жана түбөлүктүүлүгүн жактап, анын көп атрибуттуулугун айрыкча антропоморфтуулук сыпаттарын четке кагат. Мутазилиттер атомистик көз карашы боюнча дүйнө эч узун-туурага ээ болбогон атомдордон турат, аларды ар көз ирмемде кудай башкарып турат. Мутазилиттердин көз карашы боюнча адам эрк эркиндигине ээ болушу керек. Антпегенде бардыгы кудайдын буйругу менен болсо, адам кылган күнөөлөрүнө моралдык жоопкерчиликтен кутулуп, кудайдын эрки менен жасаган болуп, ал үчүн кудай жооп берүү керек болот. Мутазилиттердин көз карашы феодалдык коомдун ортодоксалдары тарабынан келишпес кагылышына туш болот. 19-кылымдын биринчи жарымында Мутазилиттердин таасири күчтүү болгон. Халиф аль Момундун тушунда (813–833) Куран кудай тарабынан түбөлүк жаратылган деген мусулманчылыктын башкы догматы өзгөртүлүп, ал чыгармачылык менен иштелип чыккан деген жобо илим-билимдүү чөйрө менен халифаттагы жогорку бийлик чөйрөсүндө таанылган. Бирок бул көз караштын салтанаты узакка созулбай, аль-Мутавакиль (847–861) халифатынын тушунда тыюу салынган, анын жактоочулары мындай көз караштан баш тартышкан. Бирок Мутазилиттердин радикалдуулугу эркин ой жүгүртүүнүн жана философиянын өнүгүшүндө маанилүү фактор иретинде, аль-Киндинин, Разинин окууларына, европалык схоластикалык философиянын өнүгүшүнө күчтүү таасир эткен. Мутазалиттик агымдын аркасы менен теологияда өзүнчө тармак – «илм ат тафсир» комментарийлөө илими пайда болду. Мутазилиттер 13–14-кылымда толук жок болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]