Мухтасар и-тарых Кыргызийа

Википедия дан

МУХТАСАР ТАРЫХ-И КЫРГЫЗИЙА», «Кыргыздардын кыскача тарыхы» – Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейинки доордогу кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 1913-жылы Уфа шаарында басылып чыккан китеби. Китеп кыргыз тилинде жазылган. Анда мусулман элдеринин санжыра салты сакталып, ыр жана кара сөз түрүндөгү кириш бөлүмдөрүнөн кийин адамзаттын санжырасы баяндалат. Алгач Адам ата, Обо энеден (Ева) баштайт. Экинчи ата катары Нух (Библияда Ной), анан Нухтун үч уулу Хам, Сам, Йафес саналып өтөт. Йафестин уулдары экиге – Арийлерге, Туранийлерге бөлүнөт. Туранийлерге Азия материгинде жашаган кытайлар, инди-кытайлар, япондор, финдер, осмондор (түркия-лыктар), татарлар, кыргыздар, казактар, калмактар, дуңгандар кирээрин жазат. Йафестин төрт уулунун эң улуусу Түрк дейт. Түрк уруулары жөнүндөгү бапта түрк-моңгол көчмөн урууларынын мусулман элдери үчүн салтка айланган санжырасын берип, андан ары кыргыз урууларын санаганга өтөт. «…Кыргыз Мухаммед алейсаламдан үч миң төрт жүз жыл мурун дүйнөгө келген» – деп жазат. Бул эмгекте негизинен түндүк кыргыздардын айрым урууларынын санжырасы кеңирирээк берилген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.