Муху

Википедия дан
Муху.

Муху, Моон – Балтика деңизинде жайгашкан Моонзунд архипелагындагы арал. Эстонияга карайт. Материктен Муху, Сааремаа аралынан Вяйнамери кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 204 км2. Силурдун акиташ теги жана доломит тоотектеринен түзүлгөн. Жеринин бети түзөң; деңиз деңгээлинен бийиктиги 24 мге чейин. Сааремаа аралы менен дамба (узундугу 4 км) аркылуу байланышат. Чыгыш жээгинде жайгашкан Куйвасту пристаны материк менен паром аркылуу байланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]