Муштумчалуу механизм

Википедия дан

Муштумчалуу механизм — кыймылдуу эки бөлүгү муштумча м-н түрткүчтөн, кыймылсыз бөлүгү таягычтан турган механизм.

Муштумчалуу механизмдин артыкчылыгы — жетелегич белүктүн муштумчанын) үзгүлтүксүз кыймылында, жетеленме бөлүктүн (түрткүчтүн) бардык керектүү кыймылын аткарышы. Жумушчу органдын та­га ал кыймылын кайталоодо, мис., три­котаж машиналарында, кыймыл эки муштумчадан турткүчкө берилет. Муштумчалуу механизм жыйнактуу болгондуктан, ал машиналардын жалпы схемасына оңой туташтырылат.

Муштумчалуу механизмдин кемчилиги— бири бирине сүрүлүп турган кинемакиакалык жуптардын өтө тез жешилиши ж-a чоң ылдамдыкта алардын бири биринен ажырап кетиши. Желүүнү азайтыш үчүн Муштумчалуу механизмдин звенолору жог. сапаттуу болоттон жасалат, сугарылат ж-a тыкандык м-н иштетилет. Муштумчалуу механизм машина курууда (ичинен күймө кыймылдаткычта, газ бөлүштүргүч механизмде, металл кесүүчү станокто, машина-автоматта ж. б.) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.