Муш кетти

Википедия дан

Оюнчулардын саны 5—15 киши.

Оюн аянтчада, талаада, бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баары бир бирине жакын, тегерек болуп отурушуп, шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бир бирине кызыктуу окуялардан айтышып, бир бирин күлдүрүшүп отурганда катышуучулардын бирөөсү кокусунан «муш кетти» деп айтып туруп жанында отурганын желкесине сол алаканын коюп, аны оң мушу менен урат. Калган оюнчулар дагы кезектери менен «муш кетти» дешип бир бирин урушуп чыгышат. Өз убагында «муш кетти» деп айталбай жана шеригин муштай албай калган оюнчу жыдыйт. Уттурган оюнчу жакшылап ырдап же бийлеп бергенден кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип каалаган убакытка чейин улана берет. Жанылбай, өз убагында «муш кетти» деп кыйкырып шеригин муштаган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир биринин баштарына катуу муштоого, ордунан турууга, ордун алмаштырууга, жылууга, оюнчуларды аралатып урууга болбойт.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн көңүл коюуга, кыймылдарды бат жана так аткарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]