Мазмунга өтүү

Муңайба, Адеми

Википедия дан
Муңайба, Адеми
Аткаруучу

Элара Кабылжан кызы

Чыккан жылы

2024

Ырдын тили

кыргызча

Узактыгы

02:41

Автору

Бауыржан Бегахмедов

«Муңайба, Адеми»Самат Эркинбеков режиссёру болгон «Карындаш» тасмасы аркылуу таанымал болгон 2024-жылгы ыр.

Тасмадагы Адеми ролун ойногон актриса Адеми Бейшенбековага жазылган. Алгачкы жолу казакча «Мұңайма, Үрбибі» деген ыр чыккан, обонун Алибек Мээрбеков жазган болуп, кыргызча ырдын аранжировкасын Ирлан Таалайбеков тарабынан иштелип, Элара Кабылжан кызы тарабынан аткарылды. Ырдын сөзүн Бауыржан Бегахмедов жазган, ал эми кыргыз тилине Самат Эркинбеков жана Алишер Анарбек уулу которгон. Ырдын Казакстандагы аткаруучусу Абай Бегей.

Бакыттын булагы, эч качан тыйбасын,
Унутпай досторум, түбөлүк сыйласын.
Издебей өмүрдө,бош жүрүү эмес кейип,
Ар бир мүнөт кадыр, сен бүгүн сезгиниң.

Кайырма:
Муңайба, Адеми,
Кайгырба, Адеми.
Муңайба, Адеми,
Кайгырба, Адеми.
Капаланба деги, бул да жаштык деми,
Болду кайгырбастан, күлүп жүрчү эми.

Муңайба, Адеми,
Кайгырба, Адеми.
Муңайба, Адеми,
Кайгырба, Адеми.

Адамдык сапатың, артырып жашагың,
Төгүлбөй көз жашың махабат бул жазың.
Болду кайгырбастан күлүп жүрчү эми,
Муңайба Адеми, кайгырбачы деги.

Кайырма:

2024-жылдын октябрь айынын аягындагы маалыматтарга боло, ыр ютубда «Самат Эркинбеков» каналында 40 миллион, «Элара Кабылжан кызы» каналында 1,6 миллион кароо жыйнаган. Ал эми Spotifyда 76 миңге жакын угулду.