Самат Эркинбеков

Википедия дан
Самат Эркинбеков
Туулган датасы:

15 -март 1992(1992-03-15) (32 жаш)

Туулган жери:

Токмок, Чүй облусу, Кыргызстан

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актёр, тамашоучу

Карьерасы:

2013 — азыркы учурда

Самат Эркинбеков (15-март 1992, Токмок, Кыргызстан) — кыргызстандык актёр жана тамашоучу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самат Эркинбеков 1992-жылы Токмок шаарында туулган. Балалыгы Кыргызстандын булуң-бурчунда өткөн. Ата-энеси медицина кызматкерлери болгондуктан бирде Ошто иштешсе, бирде теңир-тоолуктарга кызмат өтөшкөн. 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77 мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык окуу жайына тапшырып, 2012-жылы тиш доктурлук адистикке ээ болгон. Кесиби боюнча эки ай гана иштеген. Самат "Тамашоу" долбооруна катышып, атактуулукка жетишкен. Долбоорго 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катышкан.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылы Чолпонай аттуу кызга баш кошуп, түгөйлөр 2020-жылы октябрь айында Иман аттуу уулдуу болушкан.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2013-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
2013 т Мачо ~ Кримтөбөл
2013 т До+Фа ~ Доорон
2013 т До+Фа 2 ~ Доорон
2014 т Көк салкын 2 ~
2014 т Пентхаус ~
2014 т Браво ~
2014 т Гонщик таксист Гонщик таксист
2016 т Тиги Бу ~
2016 т Доктор Айболот ~ Доктор Айболот
2019 т Жер тоголок ~ Арман
2019 т Жора+Гуля Жора и Гуля Гуля / Тоха

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]