Мыкты жетилик

Википедия дан

"Мыкты жетилик" (англ. The Magnificent Seven, орус. Великолепная семёрка) - Антуан Фукуа тарткан вестерн-экшн тасма,сценарийин жазгандар Ник Питсолато жана Ричард Венк. Өз кезегинде 1954-жылдагы Акира Куросаванын Жети Самурай тасмасынын негизинде тартылган, 1960-жылдары вестерн стилиндеги тасманын ремейки. Башкы каармандар - Дензел Вашингтон, Крис Претт, Итан Хоук, Винсент Д'Онофрио, Ли Бүйөн Хон, Мануел Гарсиа-Рулфо, Мартин Сенсмайер, Хейли Беннет, Питер Сарсгаард. Композитор Жеймс Хорнердин акыркы чыгармасы,тасманын айрым бөлүмдөрүн иштеп чыккан соң кырсыктан каза болгон, бүтпөй калган музыкасын досу Саймон Франглен толуктаган.

Тасманы тартуу иштери 2015-жылы 18-майда Луизиана, Батон Руждун түндүгүндө башталган. Тасманын бет ачаары 2016-жылы 8-сентябрда Торонто Эл Аралык кинофестивалда болуп өткөн, 2016-жылдын 23-сентябрынан тарта Америкада конвенция борборлорунда жана IMAX театрларында көрсөтүлө баштаган. Тасма тууралуу көп сындар айтылган, бирок 162 миллиондук кирешеси менен мактоого арзыган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]