Мык тикен

Википедия дан
Tribulus cistoides.

Мык тикен (лат. Tribulus, L. 1753) – жуп жалбырактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Кош канат сымал, майда, уз. 0,5-1 см жээги тегиз жалбырактуу, сабагы 10-30 смге чейин узундуктагы, жерге төшөлүп өсүүчү бир же эки жылдык чөп, гүлдөрү жалгыздап, майда, сары, беш мүчөлүү, мөмөсү беш бөлүктүү жаңгакча, анын сырты учтуу илмекей тикендүү. Америкада, Африкада, ошондой эле Жер Ортолук деңизинин чыгышында кеңири таралган 20, Кыргызстанда 1 түрү белгилүү. М. т. кумдак, каксоо жерде, жол боюнда өсөт. Мөмөсүнүн тикени малдын бутун жаралайт, кой-эчкинин жүнүнө жабышып, анын сапатын төмөндөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]