Мылтык

Википедия дан
Оптикалык мээлегичи бар заманбап мылтык
Бытыра мылтык

Мылтык — сайлуу жана сайсыз найлуу (стволдуу) ок атма курал. Мылтык аң уулоочу, аскердик, спорттук жана башка болуп айырмаланат. Аңчылыкта найы сайсыз жана сайлуу мылтыктар колдонулат. Аскердик мылтык өзү дүрмөттөлмө жана автоматтык атылма болуп, найына сай салынат. Сай октун айланып, туруктуу алыска учушун, объектиге таамай тийишин камсыз кылат. Спорттук мылтык спорттук максаттар үчүн ар кандай буталарды атууга арналат. Мылтык улам жакшыртылуу менен анын айкалышкан түрлөрү колдонулууда. Мылтыктын негизги бөлүктөрү: кундак, най, машаа, кароол, прицел, ок салгыч куту, кармагыч (цевьё), аткыч илмек жана сактагыч. Кыргызстанда мылтыктын милте коюп, бытыра салынып атылма бараң, кара мылтык жана башка түрлөрү болгон.

     Сайсыз      Сайлуу      Көп бурчтук сайлуу

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]