Артык Мырзабаев

Википедия дан
Мырзабаев Артык‎»‎ барагынан багытталды)
Артык Мырзабаевич Мырзабаев
Туулган датасы

11 -май 1930(1930-05-11)

Туулган жери

Бишкек, РСФСР, СССР

Өлгөн датасы

30 -январь 2005(2005-01-30) (74 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек ш., Кыргызстан

Өлкө

ССРССССРКыргызстанКыргызстан

Кесиптери

камерлүү ырчы, опера ырчысы, музыкалык педагог

Мырзабаев Артык (1930-жылы т., Кызыл-Аскер айылы, азыркы Бишкек ш. - 30.1.2005) – опера ырчысы (баритон), Кыргыз ССР эл артисти (1962), СССР эл артисти (1967).

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1954-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын В. В. Корнеевдин классы боюнча бүтүргөн. Ошол эле жылдан Кыргыз мамлекет опера жана балет театрында солист. Мырзабаев кооз тембрлүү үнү бар, вокалдык техникага бай артист.

Аткарган партиялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Семетей, Токтогул (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере «Айчүрөк», «Токтогул»), М. Фрунзе (В. Власов, «Таң атаарга бир саат калганда»), Артём (С. Ряузов, «Ак шумкар»), Онегин (П. Чайковский, Евгений Онегин), князь Игорь (А. Бородин, «Князь Игорь»), Фигаро (Ж. Россини, «Севилдик чач тарач»), Данияр (М. Раухвергер, «Жамийла»), Самүдүн (Н. Давлесов, «Аста секин колукту»). М. Даргомыжский, Глинка, Свиридов, Шостакович жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын да жакшы аткарган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Россия, Кытай, Моңголия, Польша, Сирия, Венгрия, Канада жана башкалар чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]