Мырзакматов Сапарбек

Википедия дан

Мырзакматов Сапарбек (1931, Суусамыр өрөөнү, «Үлгү» айылы (азыр Кожомкул айылы) -1963, Кочкор айылы, сөөгү Суусамырга коюлган)) - алгачкы агартуучу, коомдук ишмер жана жетекчи кызматкер.

  • Кыргыз мамлекеттик педагогикалын институтунун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1952).
  • 1952-57-жылдары Нарын шаарындагы мектептерде мугалим, 1957-жылдын сентябрынан 1959-жылга чейин Кыргызстан ЛКСМ Нарын райондук комитетинин 1-катчысы, 1959-жылдын декабрынан 1960-жылдын октябрына чейин Жумгал районундагы Чаек орто мектебинин директору, ошол эле жылдын ноябрь айынан 1961-жылдын февралына чейин Жумгал райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
  • 1961-63-жылдары Тянь-Шань облустук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
  • Ал «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн » медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйланган.
  • Бир нече жолу облустук жана райондук кеңештин депутаты болуп шайланган.
  • Анын ысмы 8-Март орто мектебине ыйгарылган.
  • Чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9