Мырзалиев Сатимбай

Википедия дан

Мырзалиев Сатимбай (18.1.1922, Терс айылы - 1999, Курулуш айылы) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, эл агартуусунун отличниги.

  • 1941-45-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушка катышып,
  • 1945-17-жылдары Ыраакы Чыгышта аскердик кызматын уланткан.
  • Пржевальск педагогикалык институтунун Тил жана адабият факультетин бүткөн (1954).
  • 1961-70-жылдары Курулуш башталгыч мектебинде, “Ак-Таш” орто мектебинде мугалим, директор болуп иштеген.
  • Райондук билим берүү тармагында 33 жыл эмгектенген.
  • Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Москвич автомашинасы (1974),
  • 12ге жакын орден, медалдар менен сыйланган.
  • Ысмы Курулуш айылындагы орто мектепке ыйгарылган (2001).
  • Мектепте музейи уюштурулуп, эстелиги коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6